Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Укук коргоочу менен өкмөт башчысынын соту уланууда


Бул ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 10-январдагы отурумунда премьер-министр Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучковдун өтүнүчү боюнча 1994-жылы Турсунбек Акунга ачылган кылмыш ишиндеги маалыматтар угузулду. Аталган иште Турсунбек Акунга АКШнын, Голландиянын өнүгүү фонддорунан жана Макартурлардын фондусунан каражат алды деген кине коюлуп, бирок ал тергөөнүн жүрүшүндө далилденген эмес жана иш жабылып калган эле. Адвокат Николай Жучков өкмөт башчысына укук коргоочуну чет өлкөлөрдөн каражат алды деп айтканга дал ушул иштеги маалыматтар негиз бергендигин билдирди. Турсунбек Акун болсо 1994-жылы ачылып, далил жоктугунан жабылган иштин 2002-жылдагы Аксы окуясына эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи. Укук коргоочунун бир топ күбөлөрү соттун бүгүнкү жыйынына келбей калгандыгына байланыштуу сот ишти териштирүүнү токтотуп,17-январда уланта турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG