Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Өзбекстандын укук коргоо уюмунун активисти Юлдаш Расуловдун түрмөдөн бошотулушун укук коргоочулар кубаттоо менен каршы алышты


Укук коргоочу декабрь айында жарыяланган мунапыс боюнча өткөн жумада түрмөдөн чыгарылды. Ал жарандарды "радикалдуу диний топко кошулууга үгүттөп, өкмөткө каршы идеяларды тараткан" деген айып менен өткөн сентябрда жети жылга эркинен ажыратылган болчу. Расуловдун санаалаштары сот саясий максатта өткөрүлдү эсептешет. Укук коргоочунун бошотулушун Humаn rights watch Europe and Central Asia уюмунун башчысы Элизабет Андерсен айым кубаттап, муну өзбек өкмөтүнүн оң ишарасы катары сыпаттады. Андерсен айым камакта жаткан укук коргоочулардын тагдырына тынчсызданып жатканын кошумчалады. Өзбекстандын өкмөтү өлкөдө орун алган сандаган укук бузуулар үчүн укук коргоочулар тарабынан кескин сынга алынып келатат.

XS
SM
MD
LG