Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Чеченстандагы референдум 23-мартка белгиленди


Чеченстандагы абалдын тынчый электигине карабастан Орусиянын бийликтери жумурияттын Конституциясынын долбоору боюнча референдумдун мөөнөтүн белгилешти. Чеченстандын негизги мыйзамы менен катар жумурияттын президенти жана парламенти туралуу мыйзамдар колго коюла турган референдум 23-мартта өткөрүлмөк болду. Жумуриятта өткөн кол топтоо кампаниясында референдум өткөрүүнү 13 миң киши колдогон. Чечим жан кечти террорчу Чеченстандын Москваны колдогон өкмөтүнүн имаратын жардырып, 83 кишини өлтүргөндөн бир ай өтпөй кабыл алынып отурат. Сунуш этилип жаткан Конституция президент Путиндин козголоңчул жумуриятта тартипти орнотуу аракети катары кабылданып жатат.

XS
SM
MD
LG