Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Австралия инспекциянын мөөнөтүн узартуу керек деп эсептейт


Анын аралыгында Австралия Ирактагы ыктымал согушка даярдануу максаты менен алдыдагы жумалардын ичинде Жакынкы чыгышка аскерлерин жибере турганын билдирди. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард бул билдирүүнү Ирак маселеси боюнча жогорку деңгээлде болуп өткөн сүйлөшүүдөн кийин жасады. Ошону менен бирге ал Ирактын тыюу салынган куралдары бар же жок экенин айныксыз аныктоо үчүн Улуттар Уюмунун инспекторлоруна көбүрөөк убакыт керек экенин белгиледи. Жон Ховарддын айтымында, эгерде Австралия жаңжалга аралашкысы келсе, ал регионго атайын аскер бөлүгүн, үч согуш кемесин жана 14төн кем эмес аскердик учагын жибермекчи. Бул болжол менен Ооганстандагы кампанияга катышкан австралиялык аскерлердин санына барабар болот.

XS
SM
MD
LG