Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:25

БИШКЕКТЕГИ ЖАРЫЛУУЛАРДЫН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫ БАРБЫ?


Өткөн жылдын 6-сентябрында Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө кол салуу болгон. Андан кийин 27-декабрда «Дордой» базарынын бир ыптасындагы «Оберон» базарында катуу жардыруу уюштурулду. Бул окуялардын бири-бири менен байланышы барбы? Же булардын баары өзүнчө уюштурулган иштерби?

Кыргызстандын эгемендүүлүк доорунда коомчулукка каршы террордук акт алгач ирет 1999-жылы Ош шаарында болуп, анда кичи автобус жардырылган эле. Ал боюнча уйгур сепаратистери айыпталып, бир нече адам көптөгөн жылга кесилген.

Бирок жогорку даражалуу мамлекеттик ишмерге карата террордук акт эгемендүүлүк доорунда алгач ирет өткөн жылы 6-сентябрда жасалды. Ал күнү кечинде Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун белгисиз бирөөлөр кол салышты. Кылмышкерлер азырынча табыла элек.

Экинчи ирет террордук актыга окшогон жардыруу 27-декабрда «Дордой» базарында жасалды. Жыл соңундагы бул кандуу окуя 7 адамдын өмүрүн алып, ондогон адамдарды жарадар кылды. Айта кетүүчү нерсе, бул жардырууда дүйнөлүк террористтер көп пайдалануучу жардыргыч зат - гексаген пайдаланылды.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктовдун айтымында, «Дордойдогу» жардырууда Россиянын Кащирск шоссесинде, Комсомольскидеги жардырууда чечен жикчилери пайдаланган гексаген пайдаланылган. Ал ошондой эле «Дордой» базарына коюлган саат механизми бар жардыргыч зат профессионалдар тарабынан жасалганын белгиледи. Броис Полуэктовдун сөзүнө караганда, «Дордой» базарындагы жардырууну диний экстремистер, сепаратистик уюмдар уюштурган деген божомолдор коюлуп жатат.

Ал эми Ашыркуловго байланыштуу кылмышты иликтөө боюнча: «Азырынча эч кимге күнөө коюла элек. Материалдар бар. Иштеп жатабыз. Бирок азыр конкреттүү бир нерсе айтуу кыйын», - дейт Полуэктов.

Коомчулуктун айрым өкүлдөрү Ашыркуловго кол салуу жана «Дордойдогу» жардыруу бийлик жана байлык талашуудан чыкты деген божомолду көбүрөөк айтууда.

Ошого байланыштуу «Бул эки кылмышта кандайдыр бир байланыш барбы?» - деген суроо менен, тартип коргоо органдарында 27 жыл бою иштеген, Мыйзам чыгаруу жыйынынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Алымбай Султановго кайрылган элек. «Жасалган ыкмасына караганда балким экөөнүн байланышы бар. Бирок аны кылмыш ачылганда, аны жасаган адамдардын көрсөтмөсү менен гана тактоого болот», - дейт Султанов.

Атайын кызматтарда иштеген тажрыйбасы бар, Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдимомуновдун бул суроого: «Эң туура суроо. Бул эки окуя жана европийдин жоголгону бири-бири менен байланышы бар деп ойлойм. Бул жерде бийлик менен байлыкты бөлүштүрүү эле эмес, чоң саясат жүрүп жатат. Саясат дегенимдин себеби, Кыргызстандын аймагында түрдүү саясий күчтөр расмий түрдө орун алып калды. Бул күчтөрдүн катышуучулары - Россия, Кытай, Америка жана башка мамлекеттер. Булардын саясий багыты бири-бири менен туура келбейт. Демек, бул жерде түрдүү кызыкчылыктар бар. Ошон үчүн бул жерде байлык менен бийлик да, геосаясат да бар»,- деп жооп берди.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болотбек Шерниязовдун пикири боюнча, жогорудагыдай кылмыштардын бети ачылбай калышы коомчулуктун бийликке болгон ишенимин ого бетер кетирүүдө.
XS
SM
MD
LG