Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН АЙРЫМ МҮЧӨЛӨРҮ ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРДЫГЫНА КАЙЧЫ БИЛДИРҮҮ ЖАРЫЯЛАШТЫ


Кыргызстандын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун жалпы элдик талкуусун жыйынтыктоо тууралуу Президент Аскар Акаевдин 2-январдагы жардыгына байланыштуу Конституциялык Кеңешменин алты мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстан коммунисттери» фракциясынын жана «Кыргызстан» тобунун алты депутаты атайын билдирүү менен чыгышты.

Кыргызстандын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун жалпы элдик талкуусун жыйынтыктоо тууралуу Президент Аскар Акаевдин 2-январдагы жардыгына байланыштуу Конституциялык Кеңешменин алты мүчөсү жана Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстан коммунисттери» фракциясынын жана «Кыргызстан» тобунун алты депутаты атайын билдирүү менен чыгышты. Билдирүүгө кол койгондордун катарында конституциялык реформа боюнча кеңешменин теңтөрагалары Апсамат Масалиев, Өмүрбек Текебаев, мүчөлөрү Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков өңдүү оппозициялык маанайдагы саясатчылар бар.

Билдирүүнүн мазмунун тааныштыраардан мурда белгилеп койчу жагдай - президент Аскар Акаевдин 2-январдагы жардыгына ылайык жаңы түзүлгөн Эксперттик топ, буга чейин Конституциялык Кеңешмедеги талкуулардын жана жалпы элден түшкөн сунуштардын, кайрылуулардын негизинде Конституциянын жаңы редакциясын 13-январга чейин юридикалык негизде иштеп чыгып, президентке сунушташы керек. Конституцияга байланыштуу иш андан ары кандай уланаары жардыкта ачык көрсөтүлгөн эмес. Бул саясатчылардын жана байкоочулардын арасында ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Ал эми 10-январда жарыялаган билдирүүсүндө Конституциялык Кеңешменин айрым мүчөлөрү жана депутаттар Конституцияны саясий оюн тилкесине айландырбай, айрым инсандардын жана кландардын, социалдык жана саясий топтордун жеке, тар кызыкчылыктарына багындырбай, Президент баш болуп, Конституциянын талаптарын сап кармоо керек экендигин белгилешкен.

Конституциялык кеңешменин теңтөрагасы Апсамат Масалиев жарыя кылган билдирүүдө «Конституциялык Кеңешменин төрагасы, президент Аскар Акаев референдумга алып чыга турган конституциялык мыйзам текстинин акыркы үлгүсүн даярдаш үчүн Конституциялык Кеңешмеге укуктук мүмкүнчүлүк бериши керек. Бирок, ал үчүн ириде «Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынышы зарыл. Анткени, 1991-жылы кабыл алынган «Референдум жөнүндөгү » мыйзам конституциялык мыйзам катары эсептелтбейт», деп айтылат. Кайрылууну чечмелеген депутаттардын бири, коммунисттер фракциясынын өкүлү Николай Байло да кайрылуудагы юридикалык негиз дал ушул референдум жөнүндөгү мыйзамда экенин белгиледи.

Билдирүүдө, «Президент 2-январдагы жардыгы аркылуу эксперттик деп аталган техникалык топко мыйзамдын акыркы үлгүсүн даярдап чыгууну тапшырып, Конституциялык Кеңешмени укугунан ажыратууда жана демократия оюнун жүргүзүп, иш жүзүндө азыркы президенттик бийликке ыңгайлуу Конституция түзүп алуу ишараты жасалууда», деп айтылат.

Конституциялык Кеңешменин мүчөсү Адахам Мадумаров анын жөнүн мындайча чечмеледи. «Менин көз карашымда кезектеги оюн жүрүп жатат. Конституциялык Кеңешме иштеген, талкуулаганбыз, бирок, тигил жакта саясатчылар бар болчу, биз бу жерде адистерди чогулттук, юридикалык формага келтирдик деп дароо референдум жарыялап жибериши ыктымал»,- дейт депутат. Билдирүүгө караганда, мындан мурда болгон үч референдумда да ушундай эле аракеттер жасалган.

«Мына өткөн референдумда бир-эки маселе кирип кетти. Конституциянын 49-беренесинде президент, анын үй-бүлөсү мамлекеттин эсебинен жашайт деп жазылып турат. Биз дүйнөдөгү Конституцияларды карап көрдүк. Эң бай мамлекет деген Американын Конституциясын алып карасак, президент ошол иштеген мөөнөтүндө тиешелүү өлчөмдө айлык алат экен. Ал айлыгы көбөйбөйт да, азайбайт деп жазылып турат. Үй-бүлөсү тууралуу бир да сөз жок. Биз мурдагы өзгөртүүдө андай маселени караган эмеспиз. Ошол жазылып калган, азыр иштеп атат. Чогулуп туруп карабасак, дагы ошого окшогон, элге туура келбеген беренелер жазылып калышы мүмкүн»,- дейт Конституциялык Кеңешменин теңтөрагаларынын бири А. Масалиев.

Билдирүүдө Конституциялык Кеңешменин талкуусунан кийин Башмыйзамдын жалпы элдик талкууга коюлушу да бийликтин кызыкчылыгындагы кошумчаларды киргизүү аракети менен байланыштырылат. Башмыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгаары менен референдумга коюлаарына көбүрөөк ишенген саясатчылар, президент мындай кадамы менен олуттуу мыйзам бузууга барып жатат деген көз карашта.

Ал эми Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнүн бири, «Он ордо» фракциясынын өкүлү Зайнидин Курманов кесиптештеринин бул пикирин колдогон жери жок. Ал, эксперттик топ мыйзамды иштеп чыккандан кийин сөзсүз Конституциялык Кеңешеменин кароосуна берээрине бекем ишенет. Анын айтымында, жардыкта белгисиз эч нерсе жок. Бардыгы айдан ачык болуп турат. «Конституциялык Кеңешменин экинчи этабы болору да, Конституциялык Кеңешменин таркатылбаганы да белгилүү. Эксперттик топтун жыйыны конституциялык эмес отурум экендиги жана ал техникалык милдетти - анализ, синтез, пикирлерди топтоштуруу милдетин аткараары да белгилүү», - дейт З. Курманов.

Бирок, 3-январдагы жардыкка түшүндүрмө берген Конституциялык Кеңешменин төрагасынын орун басары, биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов Конституциялык Кеңешме буга чейин жыйынтык документ чыгарып бергенин белгилеп, аны кайрадан чакыруу жөнүндө жардыкта эч нерсе айтылбагандыгын билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG