Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

РОЗА АКНАЗАРОВА ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУНУН ЖАҢЫ ЖОЛУН СУНУШТАЙТ


Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Роза Акназарова менен маек.

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Роза Акназарова жумушсуздардын санын кыскартып, жардамга муктаж адамдардын көйгөйлөрүн чечүүдө баардык министрликтер жапатырмак аракеттенүүгө тийиш деп эсептейт.

- Роза айым, маегибизди миңдеген жардамга муктаж мекендештерибизди түйшөлткөн суроо менен баштайлы. Республика боюнча жөлөкпул же пособие төлөөнүн бүгүнкү күндөгү абалы кандай? Казынадан бөлүнгөн акча өз маалында таратылып жатабы? Жардам акча түрүндө эмес, ун же башка товарлар менен берилип жатат, берилгенде да алардын баасы базар баасынан кыйла жогорулатып эсептелип жатат деген нааразылыктар бар.

- Чындыгында, пособиенин көп бөлүгүн мурда натуралай деп коебуз, товар түрүндө, анын ичинен ун менен берип келгенбиз. Эгер 2001-жылы пособиенин 30 процентин ун түрүндө берсек, 2002-жылы аны азайттык да, бул көрсөткүч 6 гана процентти түзүп калды. Ундун баасын дагы арзандаттык. Алсак, бизге август айында эле ун берилген болчу. Аны биз дароо таратканга шашкан жокпуз, себеби, ал учурда ундун базар баасы кымбат эле. Биз ундун баасы арзандай турган күз айларын күттүк да, ошондо да каалагандар чыкса гана ун бердик. Белгилеп кое турган нерсе, өз ыктыяры менен ун алам дегендерге гана таратылат, биз эч кимге эч качан күчтөп ун тараткан эмеспиз.
Министрликтин ишине келсек, өткөн 2002-жылы мактанаарлык эле жумуштар аткарылды. Аларды айтпай койсом болбос. Алсак, пособиелер боюнча карызыбыз жок, толугу менен төлөп бердик. Ал эми 2001-жылы пособие беш жарым айга чейин кечигип таратылган учурлар болгон. Быйыл болсо бир дагы күнгө кечиктирбей жылды жыйынтыктадык.


- Мамлекеттин камкордугуна бөлөнүп, ар кандай жеңилдиктерди пайдаланган жарандардын саны канча? Оппозициялык маанайдагы саясатчылар мамлекет колдоосундагы адамдардын катарын кандай да болсо кыскартуунун айласын издөөдө деп өкмөттү сынга алып келатышат? Мамлекеттин жардамына тигил же бул адам чындап эле муктаж болуп турганын кандай ыкма менен аныктайсыздар?

- Пособие алуучулардын саны - республика боюнча 573 миң адам. 1994-жылга чейин Кыргызстан тургундарынын 50 процентине жакыны ар кандай жол менен мамлекеттен жардам же жеңилдиктерди алышчу экен. Азыр болсо алардын саны майып, кары-картаң жана кембагал үй-бүлөлөр сыяктуу калктын катмарлары менен чектелген. Бирок алардын катары да аз эмес, себеби биз бир айдагы кирешеси 140 сомдон аз болгондордун баарын колдоого алып жатабыз.
Жардам берүү боюнча өзгөртүүлөрдү караган жаңы бир мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттарынын таразасына койгонбуз. Ага ылайык он кою, бир ую бар үй-бүлөлөргө гана пособие төлөсөк, ал эми андан көп малы барларга пособие төлөөнү токтотсок деген сунушубуз бар. Азырынча бул маселе чечиле элек.


- Роза айым, дагы бир олуттуу суроо – бул жумушсуздардын катарын кыскартуу иши. Сизге жакшы маалым, жакырчылыктын сазына баткандарды азайтыш үчүн иралды жумушу барлардын ишин сакташ керек да, жумушу жокторду иш менен камсыз кылыш керек эмеспи? Калкты иш менен камсыз кылууда жана Орусия, Казакстан сыяктуу чет жерлерде эмгектенип жүргөн мекендештердин укугун коргоодо кандай жыйынтыктар бар?

- Дегеле жакырчылыкты жоюп, кедейчиликти азайтуу үчүн иралды элди иш менен камсыз кылуу керек деп жатпайбызбы. Бирок ар бир адамга жумуш таап берүүгө жалгыз биздин министрликтин чамасы жетпеши анык. Ошондуктан бул маселени чечүүгө баардык министрликтер биргелешип, чогуу аракет кылганы оң. Калкты иш менен камсыз кылуунун программасын иштеп чыгуу максатында жакында TAСIS уюму менен биргелешип конференция өткөрдүк. Анда Комплекстүү өнүгүү негиздерин эске алып, калкты иш менен камсыз кылууда ар бир министрлик кандай иштерди аткараары такталды. Түпкүлүгүндө, жакырчылыктан чыгуунун бир эле жолу бар экенин баарыбыз билип турабыз – ал жаңы жумуш орундарын ачуу.
Эмгек мигранттарынын абалына келсек, биздин министрликтин калкты иш менен камсыз кылуу департаментинин кызматкерлери жакында Орусиянын Свердлов, Оренбург, Самара областтарына барып келишти. Алардын айтымында, орус элинин кыргызстандыктарга көзү түз. Орусиянын чет элдик мигранттарга карата мыйзамы 2002-жылдын 1-ноябрынан тартып катуулаганы менен, Кыргызстандын өкмөтү менен Орусия Федерациясы өкмөтүнүн ортосундагы айрым жаңы келишимдерге кол коюлмайынча, Москва биздин мекендештерди күч менен сүрүп чыкпоого сөз берүүдө.


- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктерди берүүнүн жаңы жолун киргизели деген аракет болуп, сиз жетектеген министрлик мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгы белгилүү. Бирок, бул жаңылыкка ардагерлердин өздөрү каршы болуп жатышыптыр. Анын жөн-жайын түшүндүрө кетсеңиз?

- Бул мыйзам долбоору мен министр болуп келгенге чейин эле даярдалган экен. Чындыгында, мындан эки-үч күн мурда эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугуушу болгондо да алар бул мыйзамга каршы экенин дагы бир ирет айтышты. Бизге жеңилдиктерди акчалай түрүндө эмес, мурда же азыр деле кандай берилип жатса ошол калыбында калтыргыла деп жатышат. «Биздин колубузга акча берип койсоңор аны ошол жеңилдиктерге жумшабай, башка нерсеге коротуп коебуз. Мисалы, электр энергиясынын акысы үчүн төлөбөй койсок, жарыксыз, жылуулуксуз калабыз», – деген ойлорун айтышууда. Биздин сунуш боюнча, согуш ардагерлерине көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктерди азыркыдай өз ара эсептешүү жолу менен эмес, ар бир жардамга муктаж адамдын колуна нак акча менен берүү аркылуу ишке ашырсакпы дегенбиз. Бирок согуш ардагерлери буга макул болбой жатышат, алардын макулдугусуз мыйзамды кабыл алууну биз да каалабай турабыз.

- Роза айым, маегибиздин соңунда бере турган суроом - сиз бир ирет «мамлекеттен жардам сурагандардын санын азайтып, өнүп-өсүшүбүз үчүн министрлик социалдык жактан коргоо министрлиги эмес, социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги болсо» деген пикир айткан элеңиз. Дегеле, элдин мойнуна түшкөн жокчулукту жалгыз бир министрликтин иши менен жеңе коебуз дештин өзү да туура эмес. Бул жерде өкмөттүн бардык структураларынын бир максатты мелжеп, чогуу күч үрөшү зарыл го?..

- Сурооңуз жөндүү. Чындыгында эле, бардык министрликтер эриш-аркак иш алып барышы керек. Алсак, бир ишкананы, айталы, Аксуудагы жүгөрүдөн тамак-аш даярдоочу ишкананын ишин жандантабыз деген максатты алдыга койсок, ал үчүн, мисалы, айыл жана суу чарба министрлиги рыноктогу суроо-талаптын эсебин алып, анан фермер жана дыйкандарга быйыл мынча тонна жүгөрү эгүүгө болот деп, алар менен тээ алажазда эле келишим түзүп койсо. Башка министрлик, айталы, тышкы соода жана өнөр-жай министрлиги бул ишканага каражат таап келүүнү колго алса, ал эми жумушчулар менен камсыздоо маселесин мисалы, биздин министрлик чечет эле. Ошентип, ар бир министрлик бул ишкананын жерден боорун көтөрүшүнө кандай салым кошо алам деп, баарыбыз чогуу аракеттенсек, ошондо иш менен бир канча адам камсыз болуп, бир майнап чыгат беле деп ойлойм. Бул ой турмушка ашса канчалаган үй-бүлөлөрдө жылыштар болор эле.
Эми биз болсо жакырчылыктан чыгуунун жолун өзүбүздүн министрликтин деңгээлинде концепция катары иштеп чыктык. Мындан тышкары пенсияны топтоонун концепциясын да даярдадык. Ошондой эле майыптардын, акылы кемдердин, жетим жана кароосуз калган балдардын жашоосун жеңилдетүү боюнча бир катар долбоорлорду жазып, чет элдик уюмдар менен тыгыз иштешип жатабыз.
XS
SM
MD
LG