Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

УКУК КОРГООЧУ МЕНЕН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНЫН СОТУ УЛАНТЫЛУУДА


Жаркын Темирбаева Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту өкмөт башчы Николай Танаевге каршы укук коргоочу Турсунбек Акундун доо арызын кароону улантты.

Жума күнү укук коргоочу Турсунбек Акундун Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевди айыптаган арызын карай турган сот процесси бул жолу да жоопкери жок улантылды. Бул күнү Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучковдун мурдагы сот отурумундагы ѳтүнүчү боюнча Турсунбек Акундун мындан 9 жыл мурда жүргүзүлгѳн тергѳѳ ишин сотко алдыргандыгын билдирип, ага коюлган күнөөлөрдү окуп берди. Укук коргоочу Турсунбек Акун болсо Н. Танаевдин адвокаты Н. Жучковдун бул сотко тиешеси жок ѳтүнүчүн канааттандырылганына каршылыгын билдирди.

- Урматтуу судья, сиз бир тараптуу карап жатасыз. Николай Танаевдин кызыкчылыгын коргоп, менин арызымды карабай эле, кайра менин үстүмѳн дооматтарды чогулткан аракеттерди жасап жатасыз. Николай Танаевди сотко мен бердим. Мени сотко Танаев берген жок. Мен Танаевдин маалымат жыйынында айткан сѳзү үчүн айыптап ага жаза колдонуп берүү үчүн сотко кайрылгамын. 94-жылдагы мен боюнча козголгон кылмыш иштин бул сотко кандай тиешеси бар эле? Экинчиден сиз Танаевди сотко чакырта албай койдуңуз. Ошон үчүн сизге ишенбѳѳчүлүк келтиргем, - деди Турсунбек Акун.

Судья Мадина Давлетбаева, өз кезегинде, «Турсунбек Акун, эгерде дагы бир жолу сотко ушундай мамилеңизди койбосоңуз, сизге айып салаарымды эскертемин», - деди.

Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучков:
- Турсунбек Акундун Николай Танаевди жѳн жеринен жалаа жапты деп айтканына кошулбаймын. Анткени Николай Танаев гезиттерге жана ѳзүнүн жан-жакабелиндеги жоро-жолдошторунун чет жактан акча алат деп айткандарынан улам ушундай маалыматтарга таянып айткандыр», - деп чыкты.

Соттун жүрүшүндѳ адвокат Жучков эмдиги сот ишине күбѳлѳрдү тартаарын айтты. Сот аны колдогондугун билдирди.

Сот процессине укук коргоочу Турсунбек Акундун 30дай жактоочулары жана айрым саясий партиялардын ѳкүлдѳрү катышышты. Ѳкмѳт башчы Николай Танаев менен укук коргоочу Турсунбек Акундун соттошуусу 17-январда улантылмак болду.

XS
SM
MD
LG