Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

КЫШКЫ СПОРТТУН АБАЛЫ


Кыргыз жергесинде кыш өкүм сүрүп жаткан учур. Азыр өлкөдө кышкы спорттун ал-абалы кандай?

Жазма даректерде кыргыздар 6-9-кылымдарда эле лыжа тебишкендиги белгиленет. XIII-XIV кылымдардагы көрүнүктүү тарыхчы Рашид-ад-Диндин жылнамасында кыргыздардын лыжалары жана аларды пайдалануунун ыкмалары сүрөттөлөт. Кыргыздар кар үстүндө лыжа, чана тээп, аңчылык кылгандыгы, эңкейиш, өрдөн чебердик менен түшүп-чыгышкандыгы айтылат. Кышкысын кыргыздар ордо артышып, кар үстүндө улак тартып, күрөшүп, жөө жарыш уюштуруп, кызыктуу оюндарды ойногон.

Кыргызстанда расмий түрдө лыжа мелдештери 1926-жылдан бери өткөрүлүп келген. Бишкек, Каракол, Нарын шаарларында лыжа секциялары иштеген. 1936-жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөрүлгөн. Бишкектен Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган. 1961-жылы Түндүк майрамына катышкан Кыргызстандык Александр Попов 70 километрлик лыжа жарышында байгеге илинип, «СССР спортунун чебери» деген наамга биринчи болуп арзыган.

Кыргызстандык лыжачылар союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы Спартакиадаларына катышкан. Нарын, Ысыккөл областтарында совет доорунда лыжа спорту өнүгүп, оозго алынаарлык ийгиликтер болгон. Балдар арасында хоккей боюнча «Алтын шайба» мелдештери да өткөрүлүп турчу.

Эгемендүүлүк алгандан бери лыжа спортунун деңгээли төмөндөп, кызыгуу солгундап кеткен. Лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болгон. Азыр Кыргызстан боюнча лыжа спортунан 5 гана машыктыруучу калды. Анын үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо эптеп иштеген аты болуп жүрөт. Азыркы жакшы лыжанын наркы бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк лыжа сатып алууга чамасы да жетпейт. «Норуз», «Өрүүсайдагы» лыжа тебүү базарлары Президенттин алдындагы иш башкаруу чарба башкармачылыгынын карамагына өткөрүлүп, киреше табуунун булагына айланып баратат. Бул лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айланып калды. Жакшы адистердин көбү башка жактарга кетип, лыжа спорту көңүлдөн чыгып баратат.

- Чынында лыжа спортунун таасири төмөндөп кеткен. Эми кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү биздин Койташтагы лыжа базабызда эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Биздин институт да лыжа спорту боюнча адис-машыктыруучуларды даярдап, 15 студент лыжа адистиги боюнча билим алууда. Быйыл тоо лыжасы боюнча да адистик ачалы деп турабыз. Чет мамлекеттерден бул үчүн керектүү жабдууларды алып келдик. Бул спортту өнүктүрүү – учур талабы, - дейт Кыргыз дене тарбия институтунун ректору, педогогика илимдеринин доктору Абакир Мамытов.

Кыргызстандын жаратылышы, ак кар, көк музу кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын областындагы узак кыш мезгили, Ысыккөлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортун сүйүүчүлөргө машыгууга мүмкүндүк берет.

Кыш мезгилинде гана эмес, жаз, жай айларында ак кар, көк муз кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө, тоо лыжасын өнүктүрүүгө шарт бар. Мындай мүмкүнчүлүктү Россиянын Президенти Владимир Путин да белгилеп, айткан эле. Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр да кардан пайда таап, эл аралык, Азиялык лыжа базаларын курууга болоорун суктануу менен айтып жүрүшөт. Кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистери да Кыргызстанга кызыгып жатышат.

«Кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн келечеги жок, бул каражатты көп талап кылчу спорт» деп четке каккан жетекчилер да болууда. Антсе да кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы болуп калды. Себеби, Кышкы Азия оюндарынын, Кышкы Олимпиадалык оюндардын таасири артып баратат. Кыргызстандыктар Лиллехаммер, Нагана, Солт-Лейк-Сити кышкы Олимпиадаларына, Харбин, Кангвон кышкы Азия оюндарына барып катышкан.

Азия аймагында кышкы спорттун өнүгүшүнө абдан кызыкдар болуп жатышат. Казакстан, мисалы, кышкы Азия оюндарында Кытай менен Япониядан кийинки үчүнчү орунга жеткен.

Мына ушул жагдайларды эске алып, Бишкектин айланасындагы «Өрүүсай», «Чуңкурчак», «Чоңташ», «Койташ», «Нооруз» лыжа базаларына көңүл буруп, кышкы спорттун өнүгүүшүнө каражат бөлүү зарыл. 2003-жылы өткөрүлүүчү 555 спорттук мелдеш, иш-чаралардын ичинен кышкы спорттон 5 гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт. Лыжа спортунун федерациясы да жигердүү иш алып баралбай жатат.

Кыргызстандын Президенти Аскар Акаев да тоо лыжасына кызыгат. Бош убактысында тоодон лыжа тебүүнү жактырат. Жакында эле Ысыккөлдөгү лыжа базасынын ачылышына барып, тоодон лыжа тээп түштү. Бул жагынан үлгү болуучу сапатын баалап, кышкы спорттун өнүгүшүнө өбөлгө болсо деген тилектебиз. Россиянын Олимпиадалык Комитетинин Президенти Леонид Тягачев да Кыргыз жергесине, Аларча капчыгайына тоо лыжа базасын биргелешип курууга кызыкдар болуп, келишимге кол койду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG