Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

ТҮНДҮК КОРЕЯ КЕҢИРИ КЫРУУУЧУ КУРАЛДАРДЫ ЖАЙЫЛТПОО КЕЛИШИМИНЕН ЧЫГААРЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Жума күнү Түндүк Корея Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү Эл аралык келишимден чыгып жатканын жарыялады. Бул жаңылыкты коңшулаш өлкөлөр жана жалпы эл аралык коомчулук терең тынчсыздануу менен тосуп алды. Ал учурда Кошмо Штаттардын Нью-Мексико штатынын губернатору Түндүк Кореянын эки элчиси менен жолугуп, Пхеньяндын түпкү максаттарын билүүгө аракет кылууда.

Пхеньяндагы Борбордук жаңылыктар агенттиги жума күнү тараткан билдирүүсүндө Түндүк Корея Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден токтоосуз чыгып жатканын жарыялап, анткен менен азырынча өзөктүк курал өндүрүү ниети жок экенин кошумчалайт. Андай кадамдын башкы себеби катары Америка Кошмо Штаттарынын душманчыл саясаты Түндүк Кореянын эгемендиги менен коопсуздугуна, мамлекеттик түзүлүшүнө олуттуу коркунуч келтире баштаганы айтылат. Билдирүүдө андан тышкары: “Биздин Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыкканыбыз үчүн жоопкерчилик бүт бойдон - ортодогу чатакты сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө көнбөгөн АКШнын, ошондой эле Вашингтондун айтканынан чыкпаган, тил алчаак кызматкери – Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин мойнунда. Биз АКШнын кысымы алдында кабыл алынган МАГАТЭнин резолюциясын аткаруудан баш тартабыз”, - деп маалымдалат. МАГАТЭ январдын 6сында кабыл алган чечимде Түндүк Корея өкмөтүнөн бир нече апта ичинде өлкөгө Эл аралык агенттиктин инспекторлорун киргизүү талап кылынып, антпесе маселе Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралаары эскертилген болчу.

1994-жылы АКШ менен кол койгон келишимин бузуп, өткөн айдан тарта атомдук станцияларын кайрадан иштетип, алардын ишине байкоо жүргүзчү жабдыктарды алып салып, эл аралык инспекторлорду өлкөдөн чыгарып ийген Түндүк Кореянын бул билдирүүүсүн эл аралык коомчулук, айрыкча ага коңшулаш өлкөлөр терең кабатырлануу менен кабыл алышты. Жума күнү Сеулда Түштүк Кореянын Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйыны чакырылды. Япон өкмөтүнүн башкы катчысы Ясуо Фукуда Токионун терең тынчсыздануусун билдирди. "Түндүк Корея ушундай кадамды тандап алганы өтө өкүнүчтүү, бул баарыбызды терең тынчсыздандырчу көрүнүш. Биз Түндүк Кореяны Өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишиминен чыгуу чечиминен баш тартууга үндөйбүз”, - деди Токионун расмий өкүлү.

Түндүк Кореяга таасир эте алчу саналуу өлкөлөрдүн тизмесинде ар дайым аталып жүргөн Орусия да Пхеньяндын жаңылыгын кабатырлануу менен кабыл алганын билдирди. “Корея Элдик Демократиялык Республикасынын Эл аралык келишимден чыгып жатканы тууралуу билдирүүсү Москваны сарсанаага салды. Бул – Корей жарым аралынын тегерегиндеги ансыз да курчуп турган абалды ого бетер татаалдантат", - деп маалымдады Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Александр Яковенко.

Мурдараак, Кошмо Штаттар Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болуп, бирок Түндүк Кореянын эч бир талап-шарттарын кабыл албай турганын алдын-ала эскерткен. АКШ президенти Жорж Буш бейшембиде: "Американын Түндүк Кореяга кол салуу ниети жок. Биз Түндүк Кореянын күч-кубаттуу армиясы аскерлердин саны жагынан дүйнөдө 5-орунда тураарын жана алар коңшулаш Түштүк Кореянын чек араларына тушма-туш жайгаштырылганын жакшы билебиз”, - деп белгиледи. Пхеньян эл аралык коомчулукту тынчсыздандырган билдирүү таратканы менен, Вашингтон менен сүйлөшүүдөн биротоло баш тарткан жок. Эки күндөн бери АКШнын Нью-Мексико штатынын губернатору, Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы мурдагы элчиси Билл Ричардсон Түндүк Кореянын эки дипломатын кабыл алып, Пхеньяндын түпкү максаттарын талкуулап жатат. Эксперттер Түндүк Корея буга чейин 1993-жылы да Өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишиминен чыгаарын айтып-коркутканын, кийин Вашингтон менен мунасага келип, опузасын токтотконун эске салышат. Айрым дипломаттар бул жолу Пхеньян АКШ менен бири-бирине кол салышпоо тууралуу эки тараптуу келишимге кол коймоюнча артка тартпайт деген пикирин айтышат. Мыйзам боюнча, Эл аралык келишимден чыгуу чечими 3 ай мурдараак жарыяланышы керек. Түндүк Корея болсо, жума күнү жасаган билдирүүсүндө келишимден токтоосуз чыгып жатканын маалымдаган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG