Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ТАЖИКСТАНДЫК КЫРГЫЗДАР ТАТААЛ ШАРТТА КҮН КӨРҮҮДӨ


Мирзохалим Каримов, Бишкек Баткендин Тажикстан менен чектеш жериндеги эки жумуруятка караштуу бажыканалардын ачылышынан улам чыккан жаңжал, андан башка чектеш жерлердеги бажыканалардын жетекчилери менен кызматкерлерине да чоң сабак болуш керек.

Баткен окуясы башкаларга да сабак. Тажикстанда саясий жаңжал башталганга чейин ал жакта канча кыргыз бар, алар кайсы райондордо жана айылдарда жашай турганы тууралуу так болбосо да, жалпы маалыматтар бар эле. Бирок бул жөнүндө ийне-жибине чейин билген, же кызыккан адам жокко эсе болчу. Тагыраагы, ошол Тажикстандын өзүндө эле жылдыздай ар кайсы аймактарга тарап, эч кимге билинбей да, көрүнбөй да булуң-бурчтарда өмүр өтөгөн кыргыздар тууралуу чындап изилдеген адам жок эле десек да болот. Буга бир мисал келтирсек жетишет. 1953-жылы Жергетал районунан республиканын Коргонтөбө областына караштуу Шаартуз районуна жаңы өздөштүрүлгөн жерлерге пахта өстүрүү максатында ыктыярсыз көчүрүлгөн этникалык кыргыздар, кийин саясий жаңжал чыкканда накта согуш отунун ортосунда калышкан. Айрымдары согушуп жаткандардын тигил же бул тарабында, же кыймылдар менен партиялардын катарында, укук коргоо органдарында болушкан үчүн өмүрлөрү кыйылып, бир канчасы эл үрккөндө алар менен кошо Ооганстанга да качып кетишкен. Алардын башына ушундай кыйын күн түшкөндө, кыргыздар тарыхый ата-мекенине кабар берүү үчүн атайы өкүл жиберишкен. Мына ошондо гана Кыргызстандын тийиштүү органдары, жумуруят башчылары тынчсызданышып, Бишкектен атайын комиссия жөнөтүшкөн болчу. Унутта калып калган кыргыздар, ушунун шарапаты менен үй-жайларынан да, короо-сарайынан да кечип, Кыргызстанга көчүп келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Албетте, мындан улам алар көптөгөн чыгымдарга дуушар болушкан. Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилиги, азыр ал жакта жашаган этникалык кыргыздар боюнча көңүл кубанаарлык иштерди жүргүзө баштаганын колдоого болот. Элчиликтин бул жааттагы аткарып жаткан иштери тууралуу, элчи Мирослав Ниязов баяндап берди.

- Биздин маалыматыбыз боюнча, Тажикстанда 68 миң кыргыз жашайт. Көпчүлүгү Жергеталда, ал жакта 36 миң, Мургапта 14 миң, Согди областынын 4 районунда да этникалык кыргыздар бар. Алардын жашоосу, жалпы тажик элинин жашоосу менен тең. Бирок Мургапта бийик жерде жашаган кыргыздарга өтө эле кыйын болуп атат. Анткени, климат шарты өтө начар, отун жетишпейт, көмүр жок, мектептерде суук болуп, кыйынчылык тартып атышат. Бирок, негизи Жергеталда жакшы. Азыр картошка менен алманы гуманитардык уюмдар келип сатып кетип атышат. Бирок, Мургап менен Согди областында эл кыйналып жатат. Ошондуктан көчүп кеткендер көп болуп атат, арасында келгендер да бар. Элдин айтканы боюнча Ош областында тияк-биякка баргандар бир топ кыйынчылык тартышат экен. Бажыкана, чек ара, ветеринардык, экологиялык бекеттер Мургаптан, Жергеталдан кеткен өзүбүздүн эле кыргыздарды өтө кыйнап коюшат экен. Биздин балдар эл менен жолукканда ошондой маалыматтар түштү, - дейт элчи.

Баткендин Тажикстан менен чектешкен жериндеги эки жумуруятка караштуу бажыканалардын ачылышынан улам чыккан жаңжал, андан башка чектеш жерлердеги бажыканалардын жетекчилери менен кызматкерлерине да чоң сабак болуш керек.

Чоңалай районунун Улуу Карамык жана Тажикстандын Кичи Карамык, Сарыташ айылдарынын ортосундагы бажыканалардын иштерине да эки жумуруяттын тең көзөмөлү өзгөчө күчөтүлүшү шарт. Себеби, ушул кезге чейин бул бажыканаларда деле ар түрдүү пикир келишпөөчүлүктөр, нараазылыктар болуп келген. Кыргызстандан өтүп барган бизнесмендерди тажикстандыктар, Тажикстандан келгендерди кыргызстандык бажыканалар ар түрдүү шылтоолор менен кыйнашканы тууралуу көптөгөн фактылар кездешет. Ал түгүл Тоолуу Бадахшандын Мургап районунда жашаган этникалык кыргыздар айласы куруганда президент А. Акаевдин наамына арыз жазып келүүгө аргасыз болушкан. Айтор, жумуруяттардын бажыканаларында эмгектенген кызматкерлер адамдарга гумандуулук менен мамиле кылышпаса, эки элди жаңжалга салып коюш бат эле экени, жакында эле Баткендеги чек арада болуп өткөн окуя толук далилдеди.

XS
SM
MD
LG