Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Баткен областынын бийлиги Өзбекстандын Фергана областынын жетекчилигине кат жолдоду


Катта өзбек анклавдарынын айланасындагы чек ара жана бажы бекеттери эки тараптагы калктын каттамын кыйындатканы аз келгенсип ар кандай чыр-чатактарга себеп болушу мүмкүн экени эскертилет. Баткен областынын жетекчилиги абалды жеңилдеткени эки тараптан тең тийиштүү бекеттерди алып салууну сунуш кылган. Ал эми Ош областында Карасуудагы чоң көпүрөнү Өзбекстан тарабы буздуруп салган соң аркы-терки каттаган жолоочулар дээрлик элүү чакырым жерди айланып, чек ара тоомундагы Ынтымак кыштагындагы бажы жана чек ара бекеттери аркылуу өткөнгө мажбур болушууда. Карасуудагы көпүрө жабылгандан бери Кыргызстан тараптагы бажы жана чек ара бекеттеринде иштегендер жумушу жок отуруп калышты. Алардын таратылаар-таратылбасы да али белгисиз.

XS
SM
MD
LG