Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко Түндүк Корея маселесин ООНдун Коопсуздук кеңешине койгонго али эртелик кылат деп билдирди


Түндүк Корея кечээ ядролук куралдарды таркатпоо келишиминен чыгып кеткен болчу. Декабрь айында Йонбендеги атомдук электрстанциясын кайрадан ишке киргизе турганын билдирген. Станциядагы реактор ядролук бомба жасаганга жарактуу плутонийди бөлүп чыгарат дешет. АКШ Түндүк Корея маселесин ООНдун Коопсуздук Кеңешинин талкуусуна коюп, өлкөгө каршы санкция киргизүү маселесин сунуш кылгысы келет. Кечээ Түндүк Корея санкция киргизүү аракети "ага каршы согуш ачканга барабар" болорун билдирген. АКШнын, Франциянын, Кытайдын жана Түштүк Кореянын тышкы дипломатия башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүндө Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Түндүк Кореяны кысмакка алуу, коркутуп-үркүтүү саясатына каршы экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG