Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ УЮМ ТҮЗҮЛДҮ


Кыргызстанда «Эл журту» аттуу мигранттардын, үй салуучулардын жана Агрардык реформа борборунун федерациясы түзүлдү. Бирок, бул уюмдун түзүлүшү үй салуучулардын жоон топ лидерлеринин нааразылыгын жаратты.

11-январда Кыргызстандын мигранттарынын, үй салуучуларынын жана Агрардык реформа борборунун «Эл журту» федерациясы деп аталган жаңы уюму жана анын алдында юридикалык кеңеш түзүлдү. Ага байланышкан уюштуруу курултайы ушул эле күнү Бишкек шаарында өтүп, анда курултайдын уставы талкууланып, кабыл алынды. Федерация Кеңешинин төрагалыгына Дүйшө Ташболотов, президиумдун төрагалыгына Жанаалы Шабдрай Зергер шайланышты. Бирок, бул курултай жалпы үй салуучулар бирикмелеринин жикке бөлүнүшүнө жем таштады.

Федерацияны уюштуруучулардын негиздемелерине караганда, мындай уюм буга чейин чачкын иштеп жүргөн бейөкмөт уюмдардын үй куруу, курулуш аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу, ипотекалык кредиттерди пайдалануу багытында биргелешип иш алып барууну ыңгайлаштырат.

Белгилеп койчу жагдай - үй салуучулардын бириккен тутумун түзүү демилгесин кыргыз өкмөтү көтөрүп чыккан. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министрдин кеңешчиси Эсенгул Исаков:

- 21-сентябрда премьер-министр Николай Танаев үй салуучулардын өздөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү боюнча министр үй салуучулардын жана мигранттардын бейөкмөт уюмдарынын ичинен бир ассоциация түзсүн деп тапшырма берген. Мына ошонун негизинде бул уюмдар менен 24-декабрга чейин биз тогуз отурум өткөрдүк, - дейт.

Бирок, ошондой болсо да ассоциация түзүү маселесине байланыштуу үй салуучулардын жоон топ уюмдарынын жана бирикмелеринин ортосунда жик кеткенин курултайдын башталышында түзүлгөн кырдаал ырастады. Курултайга буга чейинки талкууларга, ассоциациянын устав долбоорлорун түзүүгө катышып жүргөн бир катар бирикмелердин жана кыймылдардын өкүлдөрү чакырылбай калган. Мындай мамиле курултайда чакырык менен жана чакырыксыз чогулгандардын ортосунда жаатташууну пайда кылды. Курултайга чакырылбай калган үй салуучулардын бейөкмөттүк уюмдарынын лидерлеринин бири Роза Мамбеталиева мындай дейт:

- Биз баарыбыз чогулганбыз. 12-январда чогулалы, уставды талкуулайлы, кээ бир жерлерде биз, кээ бир жерлерде алар макул болбогон пункттар бар, үй салуучулардын бир конструктивдүү тыянагына келип туруп чыгалы дегенбиз. 12-январь эртең араң болот. Иш жүзүндө бул курултай өткөрүп жаткандар үй салуучулар эмес, алар көчөдөн келишкен туугандары. Чыныгы үй салуучулар бизбиз. Бул кандай өзү деги?

Чакырылбаган тараптын өкүлдөрүнүн дооматтарына караганда, «Укук» бейөкмөт уюмунун башчысы Аскар Базаркулов баш болгон аз сандагы бейөкмөт уюмдар жеке кызыкчылыктары үчүн атайын чукул курултай өткөрүшүп, иш жүзүндө Бишкек шаарынын тегерегинде жайгашкан 24 жаңы конуштун жана жер алабыз деген 22 бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарына кайчы иш жүргүзүп жатышат. Аймактык өзүн-өзү башкаруу кеңешинин төрагасы Абыш Нургазиев курултайда күн тартибинен тышкары сөз сурап, нааразы тараптын бийликке кайрылуусунун мазмуну менен тааныштырды. «Үй салуучулар деген мен, үй салуучулар деген 24 массив, үй салуучулар деген жер алып, үй курабыз деген адамдар. Ошондуктан, бүгүнкү өтүп жаткан жыйынды легитимсиз деп чечип атабыз», - деди Нургазиев.

Федерация түзүүчүлөрдүн бири Аскар Базаркулов Курултайды легитимсиз деп айтыш туура эмес экенин билдирди.

«Аны мыйзам чечет. Юстиция министрлиги деген бар. Мыйзамсыз деп айтканы үчүн эгер биз сотко берсек моралдык чыгым төлөп калат. 22 бейөкмөт уюм, 8 фермердик уюм бирикме түзөлү деп чечтик. Эми тигилер келип бизди эмне чакырбайсыңар дейт. Э айланайын, эки уюмдун программасы, максаты, саясаты башка болсо бириге албайт да», - дейт Базаркулов. Ал эми нааразы тарап Базаркулов жана анын тарапкерлери озунуп бирикме түзө коюу менен бийликке жана ал аркылуу келүүчү материалдык пайдага баруучу жолду эртерээк ээлеп калуу аракетин жасашууда деген көз карашта.

Бирок, пикир келишпестиктерди азыркы коомго мүнөздүү кадыресе көрүнүш катары баалаган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министрдин кеңешчиси Эсенгул Исаков мындай дейт:
- Федерация түзгөнгө булардын укугу бар да. Биз аны уюштурбай кое албайбыз. Эгер мынабу курултайга келген мүчөлөрү макул болсо уюштуруп алышат. Юстиция министрлиги өз тарабынан каттайт. Менимче, бүгүн бул жакка кирбейбиз дегендер деле уюштурса болот. Алар өзүнчө уюштурушат. Кептин баары тең кайсы федерация же ассоциация бүгүнкү күндө республикалык деңгээлде уюшуп алып, кандай иштеп кетет? Тигил же бул уюм кандай иштесе, эл ошого жараша оойт да. Мамлекет да өзүнүн багытын, акча каражаты болсо аны да ошол тарапка жумшайт.

Курултайга катышкан Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу: «Бу жерде капачылыктар, түшүнбөстүктөр болуп атат. Бирок, менин оюмча, булардын маселелери бир. Ошондуктан, булар жат жана өз адамдарга бөлүнбөй, биригүү жолдорун издеши керек», - деп, нааразы тарап, эгер чын эле курултайдын легитимсиз экенине бекем ишенсе, сотко кайрылышы керектигин айтты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG