Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ӨЗБЕКСТАН ТАРАП КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН КӨПҮРӨНҮ БУЗУП САЛДЫ


Чек ара тартибин катаалдатуу менен Өзбекстан ички рыногун коргой алабы?

8-январдан 9-январга караган түнү Ош областынын Карасуу району менен Өзбекстандын аймагын туташтырган көпүрөнү өзбек тарап бузуп салды.

Буга чейин, өткөн жылдын 27-декабрында, Ташкент Казакстандын Чымкент областы менен туташкан чек ара бөлүгүн да жаап салган. Эл аралык маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, Өзбекстан мындай ишке өлкө ичинен сыртка агып бараткан валютаны токтотуу, ички рыногун коргоо максатында барууда.

Казакстандын Чымкент областы менен туташкан чек араны жаап эле тим болбой, расмий Ташкент өзбек жарандарынын Чымкенттеги ири базарга келип соода кылышына бөгөт коюшу да ушуну далилдеп турат.

Өзбекстан Кыргызстандын Ош областынын Карасуу районундагы ири базарга өтчү көпүрөнү ушундай эле максатта бузуп салган сыяктуу. Анткени Фергана өрөөнүндөгү ири базарлардын бири болгон Карасуу базарына соода кылыш үчүн Өзбекстандын дээрлик бүт Фергана өрөөнүндөгү областтарынан соодагерлер келип турат. Эми көпүрө жабылгандан кийин соода кылууну каалаган адамдар 15-40 чакырым жерди айланып, Ош жана Анжиян областтарынын ортосуна коюлган «Достук» жана «Ынтымак» чек ара, бажы бекеттери аркылуу гана өтө алат.

Ташкенттеги кыргыз элчилигинин дипломаты чет өлкөлүк маалымат каражатына, Өзбекстандын мындай кадамы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамиленин 10 жылдыгы белгиленээр алдында болгонуна өкүнүп жаткандыгын билдирген.

Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри Курманбек Осмонов да эки мамлекетти туташтырган көпүрөнү өзбек тараптын бузгандыгына өз пикирин билдирди.

“Өкмөт мүчөсү катары буга пикирим жакшы эмес. Эми биздин кошуна өзбек тараптын бир жактуу түрдө, Өзбекстанда жашаган, Кыргызстанда жашаган, тууган-туушкандык жайы бар, илгертен катнашы бар, соода-сатыгы бар адамдардын ортосундагы катнашка көпүрөлөрдү бузуу жолу менен бөгөт коюшу - туура эмес. Эгерде аларга миграция терс таасирин тийгизип жатса, аны сүйлөшүү, дипломатия жолу менен, бекеттерди коюп, көзөмөлдү күчөтүү менен чечсе болот. Бул маселени чечүүнүн эл аралык нормаларга жараша иштелип чыккан цивилдүү эрежелери бар да”, - деди Курманбек Осмонов. Анын айтымында, бул эки тараптуу мамиленин жакшырышына өбөлгө боло албайт.

Ал ошондой эле Өзбекстандын мындай аракетинин себебин билбей турганын айтты. “Мисалы биз тараптан, Кыргызстан тараптан андай аракеттер болгон эмес. Эми ошенте берсе биз да адекваттуу чара көрүүгө мажбур болобуз”, - дейт Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG