Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

ӨЗГӨРТҮЛҮП ЖАТКАН КОНСТИТУЦИЯДА КОШ ЖАРАНДЫККА ЧЕК КОЙГОН БЕРЕНЕ ОШОЛ БОЙДОН КАЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Укук коргоочулар Конституциянын кыргызстандыктарга башка мамлекеттердин жарандыгын алууга тыюу салган 13-беренесинин 2-пунктун келечекте Башмыйзамдан алып ташташ керек деп демилге көтөрүшүүдө. Бирок бул сунуш коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратты.

Конституциянын 13-беренесинин 2-пункту кыргызстандыктарга башка мамлекеттердин жарандыгын алууга тыюу салат. Адам укуктарын жана эркиндигин жар салгандар мындай чектөөлөрдү Конституцияга киргизүүгө каршы. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков бул сунушту тынбай жактап келатат. Ал бул идеяны эл арасына жана бийлик мунарасына жеткирүү максатында бир топ жолугушууларды өткөрдү.

« Мен, - дейт Кабай Карабеков, - Конституциянын адам укуктарын чектеген 13-беренесинин 2-пунктун алып салалы деген сунуш менен чыгып жатам. Менин ынанымымда, өлкөнүн Башмыйзамына адам укугун чектеген мындай жоболор кирбеши керек. Кош жарандык тууралуу маселе Конституция эмес, катардагы мыйзамдар аркылуу жөнгө салынышы зарыл».

Кабай Карабеков Конституциядагы чектөөлөрдү алып салуу менен адамдар кош жарандыкты каалайбы же жокпу деген маселени алардын өз эркине коюшубуз керек деген оюн ортого салат: «Ал тургай бул суроону өзүнчө бөлүп, референдумга да алып чыгууга болоор эле. Дегеле, кош жарандыкты киргизүүнүн жолу өтө татаал экенин да унутпасак».

Депутаттын айтымында, кош жарандык күчүнө киргизилсе азыр Орусияда эмгектенип жүргөн миңдеген кыргызстандыктардын да укуктук абалы жеңилдемек.

2002-жылдын 1-ноябрынан тартып Орусияда чет элдик жарандардын укуктарына айрым чектөөлөрдү киргизген мыйзам күчүнө кирип, талдоочулар бул өлкөнүн өз меймандарына карата тартиптери катуулаганын айтышууда. Ушул жагдайларды эске алган Кабай Карабеков: «Эгер мен шартка байланыштуу башка мамлекетте иштеп, ал өлкөнүн жарандыгын алдым дейли. Бирок мен ошол эле маалда Кыргызстандын да жараны бойдон калууну каалап турам, бирок буга Конституция жол бербейт. А эмне себептен мындай учурда мен Кыргызстандын жарандыгынан баш тартууга мажбур болушум керек!?», - деген жүйөөнү кармайт.

Айта кетүүчү нерсе, эгер бул чектөө өзгөрүүгө дуушар болуп жаткан Конституциядан алынып салына турган болсо, кош жарандуулук тартиби дароо эле күчүнө кирет дешке болбойт. Ал үчүн алгач бул маселеге карата элдин маанайын билип, анан тийиштүү мыйзамдарды жана мамлекет аралык келишимдерди иштеп чыгуу керек.

Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген азыркы эгемен делген он беш өлкөнүн ичинен Орусия, Түркмөнстан жана Молдова гана өз жашоочуларына кош жарандыкты тандап алууга укук берген. «Кыргызстан бул тизмеде төртүнчү болуп кала турган шарты бар эле», - дейт Кабай Карабеков.

Бирок мындай пикирге каршы чыккандар да бар. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов, конституциялык деңгээлде кош жарандыкка жол ачылса Орусиядагы мекендештерибиздин укуктук абалы жакшырып кетпейт жана бул кадам Кыргызстандын эгемендигине шек келтирет деген оюн ортого салат.

«Кош жарандыкка укуктук жактан жол ачылып, ал күчүнө кирген күндө да Орусиядагы кыргызстандыктардын жашоосу жеңилдеп кетпейт. Мен мындан Орусиядагы улутчулдардын кыргыздарга жасаган мамилесинин оңолуп кетээрине шегим бар. Анын үстүнө, азыр деле мамлекет аралык бир катар келишимдер бар, бирок алардын баары эле иштеп жаткан жок да», - дейт Байсалов.

Анын айтымында, кош жарандыкка жол берилсе, анда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келет.

Конституцияга киргизиле турган алымча-кошумчалардын акыркы долбоорун иштеп чыгуу максатында Президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен түзүлгөн Эксперттик топ тууралуу түшүндүрмө берип, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов 3-январда пресс-конференция өткөргөн эле. Журналисттердин «оңдолуп жаткан Конституциядан кош жарандыкка тыйуу салган 13-берененин 2-пункту алынып салындыбы?» деген суроосуна ал «Кош жарандык тууралуу маселени конституциялык деңгээлде көтөрүп чыгуу азырынча эртелик кылат. Анткени, ачыгын айталы, биздин айрым адамдар жарандыгын алууну каалап жаткан мамлекеттердин өздөрү муну каалайбы же жокпу – бул белгисиз. Анын үстүнө кош жарандыкты алган адамдардын өздөрү бул маселенин айынан көптөгөн кыйынчылыктарга учурашууда. Ошондуктан бул суроону коюу азырынча эртелик кылат жана акыр-аягы аны катардагы мыйзамдар менен эле чечип алууга болот», - деген оюн айткан эле.

Айтор, кош жарандык маселесине жол ачылабы же мурдагыдай эле чектелген калыбында калабы – азырынча бул маселенин башы ачык бойдон турат.
XS
SM
MD
LG