Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Жакын арада өткөрүлө турган референдумдун бюллетендерин даярдоону Улуттук коопсуздук кызматы көзөмөлгө алат


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясына алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча жакын арада өткөрүлө турган референдумда колдонулуучу бюллетендерди даярдоону өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы көзөмөлгө алат. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда кабыл алынды. Ошондой эле аталган жыйында референдумда колдонулуучу бюллетендердин тышкы көрүнүшүнүн үлгүсү бекитилип, аны даярдоо маселеси талкууга алынды. Мындан сырткары, Борбордук Шайлоо комиссиясы референдум учурунда республиканын ички мигранттарынын добуш беришине мүмкүнчүлүк түзө турган токтом кабыл алды. Ал токтомго ылайык, шайлоо күнү республиканын бир жеринен экинчи жерине барган атуулдар жергиликтүү бийликтен утурумдук катталуу баракчасын алып, добуш берүүгө катыша алышат.

XS
SM
MD
LG