Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Ирандагы реформатордук басылма сот өкүмүнө ылайык жабылды


Иранда атайын дин соту «өлкөнүн баш диниятчысы айатолла Рухолла Хомейнинин аброюна шек келтирди» деп реформачы гезитти жабууга өкүм кылды.
«Хаяти Нов», же «Жаңы жашоо» гезити ушул аптада диниятчыны карикатуралык кейипте тарткан сүрөттү басып чыгарган. Өлкөнүн бир катар консерватор диниятчылары мыскыл сүрөттөгү киши Хомейниге куюп койгондой окшош экендигин айтышты. Бирок, гезит мындан 65 жыл мурда тартылган карикатуранын Хомейниге эч кандай тийешеси жок экендигин билдирди.
Ирандын дагы бир соту реформачы «Бахар» гезитин кайра жабууга буйруду. «Бахар» мындан эки жыл мурда жабылып, кайра ачылгандан кийин 14 гана санын чыгарганга үлгүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG