Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Ооганстандык колбашчы талиптердин 50 жоокерин абактан бошотту


Ооганстандык өзбек колбашчы Абдул Рашид Достум талиптердин мындан бир жыл мурда туткунга түшкөн 50 жоокерин абактан бошотту. Достумдун орун басары Абдул Мажит Розинин кабарлашынча, талиптер кечээ Кундуз шаарындагы түрмөдө пуштундардын уруу башчыларына өткөрүлүп берилди.
Розинин айтымында, Түштүк Ооганстандын Хелманд, Кандагар жана Забул провинцияларынын пуштун аксакалдары Достумга бир нече жолу келип, туткундарды бошотууну суранышкан.
Ооган президенти Хамид Карзай, Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин, Достум туткундарды бошотууга көрсөтмө берди.

XS
SM
MD
LG