Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Ирандын президенти Мохаммад Хатами Ооганстанга эл аралык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырды


Ирандын президенти Мохаммад Хаттами Ооганстанга эл аралык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырды. Хаттами өткөн түнү Ооганстандын тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен Тегеранда учурашты. Ооган бийликтери былтыр Токиодо убада кылынган алты млрд. доллардын 15 % гана келгендигин айтышууда. Иран беш жыл аралыгында Ооганстанга 500 млн. доллар берүүгө убада кылган. Абдулла Тегеранга Ирандын жардамын координациялоо максатында келди. Кувейттин тышкы иштер министри да учурда Тегеранда жүрөт. Апта соңунда Ирандын баш калаасына Сириянын президенти Башир Ассаддын келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG