Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

ОРУСИЯДА СУУК КҮЧӨДҮ


Төрөкул Дооров, Москва Орусияда акыркы мезгилдерде орун алган суук, жылуулук берүүчү ири станциялардын ишинде олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Учурда көптөгөн шаарлардын тургундары жылуулуктан такыр эле айрылып калышты.

Декабрь айынын орто ченинен тарта Орусиядагы аба ырайынын кескин өзгөрүшү синоптиктердин айрым божомолдоруна да баш ийбей баратканы байкалууда. Алсак, 31-декабрга карата аба ырайын алдын-ала маалымдоочу борбор баш калаада 14-16 градус суук боло тургандыгын маалымдаган, бирок иш жүзүндө температура 25 градуска чейин төмөндөп кетти.

- 6-7-январь күндөрү Мурманск областында 40, ал эми Архангельскиде 42 градус суук болду. Ошол эле учурда Ленинград областындагы суук 33 градуска чейин жетти. Бул өтө суук температура, – дейт Орусиянын метеорологиялык борборунун жетекчиси Г.Еслисеев.

Орусиядагы Коммуналдык комплексти куруу комитетинин өкүлү Александр Гинзбургдун айтымында, көптөгөн жылуулук станцияларындагы аварияга капысынан күчөгөн суук менен катар эле жылуулук берүүчү өткөргүчтөрдүн эскилиги жеткендиги себеп болууда. Жылуулук станцияларынын проблемаларын бүгүн Орусиядагы 13 региондун тургундары даана сезишүүдө. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, түндүк-батыш аймактагы бир катар райондордо 149 үйдүн 23 миңден ашуун тургундары суукта калышты. Ал эми Новгород областынын Валдай шаарындагы жылуулук станциясында болгон ири авариянын кесепетинен 2 миңден ашуун адам жылуулуктан айрылышты. Жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгү эл ичинде нааразылык толкунун жаратууда.

- Бул биздин турмуштагы өтө кейиштүү көрүнүш. Баарына күнөөлүү адамдар өз учурунда калкка жылуулук бериш үчүн бөлүнгөн каражатты жеке кызыкчылыктарына жумшап, эми анын азабын биз тартып жатабыз. Элден бул үчүн акча топтогонду жакшы билишет, бирок ал каражат натыйжалуу колдонулбагандыктан, бүгүн канчалаган жылдар жаңыртылбай турган жылуулук берүүчү түтүктөр жарылып, биз суукта калдык – дейт нааразылык билдиргендердин бири, Людмила Никалаевна аттуу айым.

«Ал эми Екатеринбург шаарында бир нече шаар тургундары топтолушуп, учурда алардын укуктары тепсендиде калгандыгын билдирген арыз менен сотко кайрылышкан» деп билдирет «Новый регион» гезити (03.10.2002). Тургундардын укугун коргоочу шаардык комитеттин билдирүүсүнө караганда, алар мындай арыздануулардын тартип-үлгүлөрүн иштеп чыгышты.

Үйлөрдө керектүү өлчөмдөгү жылуулуктун жоктугу жана аба ырайындагы суукту коштогон магниттик термелүүлөр, орусиялык кардиолог Юрий Беленковдун айтымында, калк арасында гипертониялык кризистин күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Андыктан, дээрлик баардык маалымат каражаттарында сууктан сактануунун эрежелери айтылууда. «Анткен менен үйүндө белгилүү денгээлдеги жылуу температуранын жоктугунан улам суукка алдыргандардын саны өсүүдө», - дейт дарыгер.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү айрым региондордо суук мындан ары да улана тургандыгын маалымдады. Мисалы, Коми Республикасында суук 44 градуска чейин жетсе, Карелияда 45 градустан да төмөндөп кетиши ыктымал. Дегинкиси, синоптиктер буга чейин эле үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында аба-ырайын суук температура жана магниттик термелүүлөр коштой тургандыгын эскертишкен.

XS
SM
MD
LG