Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

«ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ»: АЙТЫЛУУ ЫРЧЫ–ОБОНЧУ СЫРТБАЙ


Сыртбайдын ысымы ХIХ кылымдын аягында ХХ кылымдын башында чыккан кыргыздардын улуу ырчы–обончу–аткаруучулардын ана башында тургандардын арасында сыймыктануу менен саналып да, терең урматтоо менен айтылып да келет.

«Калк унутпайт эмгиче,
Сыртбай, Калмурат, Мусаны,
Алтындан баалуу нечен бир,
Асылдар колдон узады», – деп залкар төкмө акын Ысмайыл Борончиев жоктогон Сыртбайдын ысымы да ХIХ кылымдын аягында, ХХ кылымдын башында чыккан кыргыздардын улуу ырчы–обончу–аткаруучулардын ана башында тургандардын арасында сыймыктануу менен саналып да, терең урматтоо менен айтылып да келет. Бирок, Сыртбайдын өмүрү менен чыгармачылыгы, музыкалык мурастары музыка таануучулар тарабынан ойдогудай иликтенбей, көмүскөдө калып келүүдө. Мына ушундай көлөкөдө калган шайырдын өмүрү менен чыгармачылыгына, мурастарына көптөгөн жылдардан бери иликтөө салып келем.

Өткөн кылымдын 30-жылдарынан тартып, 70-жылдарына чейин кыргыз угуучуларына ырчы, куудул, комузчу катары өнөрүн тартуулап, калк сыйына татыган Бөжөй Шадыкан уулунун 1962-жылы мага берген маалыматы боюнча, Сыртбай (атасынын аты белгисиз) болжол менен айтканда 1863-жылы туулуп, 1918-жылы жарык дүйнө менен коштошуптур.

Сыртбайдын уруусу боор экен. Ал карапайым үй-бүлөдө туулуп, карапайым турмушта жашап өтүптүр. Сыртбай жаштайынан комузду маштап черткен комузчудан, ырды сабалата төккөн төкмө акындан, жылаңач төөнү бучкака чапкандай куйкумдуу, куюлушмалуу курч сөздөрү менен бооруңду эзген куудулдан, уккандардын көңүл отторун жандырып, жарптарын жазган ырчы–обончудан болуптур. Балапан кезинде Бөжөй Сыртбайды көрүп, ырларын, күүлөрүн угуп, көңүлдөрүнө жаккандарын көкүрөгүнө түйүп, эл арасында сыймыктануу менен ырдап, угуучулардын алкоосуна арзып, бирден-бир залкар шайырдын мурастарынын жандуу жайылтуучуларынан болот. Ал 1962-жылы Кыргыз радиосунун (азыркы Улуттук Телерадиокорпорациянын) алтын казынасына Сыртбайдын «Термесин» тасмага жаздырат.

Сыртбай да өзүнүн термесин кыргыздын залкар төкмө акындарынын чыгармачылыгында салт катары кеңири өнүккөн термелердин үлгүсүндө, маңызында, маанайында чыгарыптыр. Автордун термеси колдон качкан куштай болгон өмүрдүн таттуу да, ачуу да курактарынын ар кандай белестерине арналыптыр. Ошондуктан, Сыртбай жана аткаруучу Бөжөй термени, көксөгөн түркүн аваздык ыргактарда, созмолордо, ыкмаларда куудулдана ырдоонун нурун себе ырдаптыр.

Сыртбай терме, санат, үлгү ырларын чыгаруу, ырдоо менен бирге:
«Көл башында көп бугу,
Көз айнектей көп сулуу ,
Көңүлүмө жаккандан
Көп айтамын мен муну», – деген, элдик махабат ырларынан наар алган толгон-токой секетбайлар менен күйгөндөрдүн түрмөктөрүн да чыгарып, аларга обондорду да жаратыптыр. Булардын бири комуздун, экинчиси кыяктын коштоосунда ырдалган экен.

Залкар шайырдын обондуу махабат ырларынын ичинен азыркы угуучуларга «Сыртбайдын ыры», «Сыртбай» деген аттагы ыры келип жетти. Жай, кеңири, жайдары жүрүштөгү созулмалуу обондогу, тамашалуу маанайдагы ыр алгач Көл өрөөнүндөгү, бара-бара Нарын, Чүй, кийинчерээк түштүк аймагындагы угуучулардын арасына элдик ыр шекилдүү тарайт. Ырдын тегин териштире келсек, өрттөнгөн маанайда эмес, күлкүнүн күүсүн чалдырган:
«Кармашкан колуң бек болсо,
Каалаган сөзүң эп болсо.
Кат жазса эчен чыт курсак
«Каттаба мага» деп койсо!..» – деген тамашалуу саптар менен аяктайт. Залкар элдик ырчылардын ичинен, алгачкылардан болуп эл артисти Муса Баетов кыяктын (гармондун) коштоосунда, угуучуларды жашытпастан, жылмайтып күлдүрө, ал турсун ичегилери түйүлгөнчө каткырткандай маанайда аткарыптыр. Тилекке каршы, ал эч бир тасмага, табакка (грампластинкага) жазылган эмес экен. Бар болгону 1936-жылы орус музыка тануучусу Александр Затаевич Мусанын аткаруусунан нотага түшүрүптүр. Ал эми Сыртбайдын өчүп бараткан ырына өлбөс өмүрдү жараткан замандашыбыз, эл артисти Асек Жумабаев болду.

- Асек ага, «Сыртбай» аттуу ырды алгач кимден үйрөндүңүз?

- Рыспаев Исак деген акталаалык мыкты ырчы чыккан экен. Мен аны кийин көрүп калдым. Анткени бул киши Муса, Атайлар менен кошо иштешип бул жакта жүрүп, анан кетип калыптыр Нарынга. Бир күнү концертте «Сыртбай» менен «Даанышманды» ырдады. Мен ошондо биринчи ошол кишиден уктум «Капырай ушундай да ырдайт экен» деп.

- Эмне үчүн «Сыртбай» аттуу ырды сизден башка ырчылар ырдабайт? Татаалбы?

- Анткени муну ырдаганга күч керек, анан үн керек. Мунун менден башка, өзүңүз айткандай, бир да киши ырдабайт, ырдай да албайт, - дейт Асек ага.

Бул ырын Сыртбай гармондун коштоосунда экилентип, куудулдана аткаруучу экен. Ыр кайсы гана аспаптын коштоосунда, кимдин аткаруусунда ырдалбасын, кыргыздын элдик музыкасынын тарыхында, өз доорундагы классикалык чыгарма катары бааланып да, ырдалып да келе бермекчи.
XS
SM
MD
LG