Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:49

Ирандагы реформатордук басылма сот өкүмүнө ылайык жабылды


Иранда атайын дин соту «өлкөнүн баш диниятчысы айатолла Рухолла Хомейнинин аброюна шек келтирди» деп реформачы гезитти жабууга өкүм кылды. Гезиттин үч журналисти камакка алынды.
«Хаяти Нов», же «Жаңы жашоо» гезити ушул аптада диниятчыны карикатуралык кейипте тарткан сүрөттү басып чыгарган. Өлкөнүн бир катар консерватор ЭСКИЧИЛ диниятчылары мыскыл сүрөттөгү киши Хомейниге куюп койгондой окшош экендигин айтышты. Бирок, гезит мындан 65 жыл мурда тартылган карикатуранын Хомейниге эч кандай тийешеси жок экендигин билдирди.
Ирандын дагы бир соту реформачы «Бахар» гезитин кайра жабууга буюрду. «Бахар» мындан эки жыл мурда жабылып, кайра ачылгандан кийин 14 гана санын чыгарганга үлгүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG