Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Суук камсыз адамдардын жанын алууда


Европа менен Азиядагы оор кыштан улам набыт болгон адамдардын саны миңге жетти. Кыш түшкөндөн бери Москвада 286 киши суукка тоңуп мерт болду. Алардын көпчүлүгү - үй-жайсыз селсаяктар жана сууктан сактайт деп ашыкча арак ичип алган адамдар.
Польшада жана башка Европа өлкөлөрүндө сууктун айынан жүздөгөн адамдар өмүпүнөн ажыраган. Индиянын түндүгүндө, Непалда жана Бангладеште бир айдан узакка созулган суук бир миңге чукул адамдын өмүрүн кыйды. Кыш айрыкча Бангладешке оор түшүп, декабрдан бери 590 адам суукка тоңуп жан берди.

Жаңылыктарды даярдагандар Амирбек Азам уулу, (Прага)

XS
SM
MD
LG