Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

«Моя столица» гезитине каршы сот иштеринин бири улантылууда


БИШКЕК. 13-январда Бишкектеги Ленин райондук соту «Моя столица» гезитине каршы берген Акин Токталиевдин арызын кароону улантты. Бул тууралуу дүйшөмбүдө гезиттин башкы редактору Александр Ким маалымдады. Акин Токталиев «кабарчы Людмила Жолмухамедованын «Башкара албагандан башка маселе жок» аттуу макаласында кыргыз улутунун ар-намысына доо кетирилген» деп, Ленин райондук сотуна кайрылып, редакциядан 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Дүйшөмбү күнү сот доо арызды кароодо бир жыйынтыкка келе алган жок, андыктан сот иши 14-январда улантылмак болду. Жалпысынан «Моя столица» эркин гезитине каршы 13 доо арыз берилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG