Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Кыргызстандын өкмөт башчысы кыргыз-өзбек чек арасындагы көпүрө боюнча жыйын өткөрдү


БИШКЕК. 13-январда өкмөт башчы Николай Танаев төрагалык кылган жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Шахрихансай суусу аркылуу өткөн көпүрө тууралуу маселе каралды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, ал жабык эшик шартында өттү жана анда Өзбекстан бир тараптуу бузуп салган көпүрөнүн маселесин эки жакка тең ыңгайлуу чечүү туура деп табылды. Маалыматка караганда, эки мамлекеттин социалдык-экономикалык абалына зор таасир бере турган маселени жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү өз ара сүйлөшүүлөр жүргүзмөкчү.
7-январда Өзбекстан бийлиги Кыргызстандын Карасуу районунун аймагындагы Шахрихансай суусу аркылуу өткөн көпүрөнүн өзүнө таандык бөлүгүн бузуп салган. Эки өлкөнүн тургундары мунун кесепетинен 46 чакырымдык жолду басып, «Ынтымак» чек ара посту аркылуу өтүүгө мажбур болууда.

XS
SM
MD
LG