Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:25

Улан Алымкул уулу, Прага АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келлинин дүйшөмбү күнкү билдирүүсүнө караганда, Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын кайра жандандырганынан улам келип чыккан кризисти жөндөө үчүн Вашингтон аны менен сүйлөшүүгө даяр. Эгер Пхеньян өзөктүк куралдар программасынан баш тартса , АКШ Түндүк Кореяга отун жөнөтүү маселесин да кайра карап көрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келли Сеулда ушундай билдирүү жасады. Жеймс Келли - Мамлекеттик департаментте Азия өлкөлөрүн тейлеген дипломат. Былтыр күз айларында Түндүк Корея тарап дал ушул Жеймс Келли баштаган америкалык расмий өкүлдөр менен сүйлөшүү учурунда өзүнүн өзөктүк куралдар программасын тымызын улантып келгенин ачыктаган болчу. Түндүк Кореянын айланасындагы азыркы кризистин очогу ошондо тутанганы белгилүү. Жеймс Келли дүйшөмбү күнү Сеулда Түштүк Кореянын жаңы шайланган президенти Ро Му Хен менен кездешти. Ро Му Хен президенттик кызматына, расмий түрдө февраль айынын соңунда киришет. Аталган жолугушуудан соң өткөрүлгөн басма сөз жыйында америкалык жогорку даражалуу дипломат АКШнын Түндүк Корея менен сүйлөшүүгө дилгир экенин ырастап, "албетте, биз Түндүк Корея менен алардын эл аралык коомчулукка берген жообу, өзгөчө өзөктүк куралдарды четтетүүгө карата мамилеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө дилгирбиз. Биз мындай аракеттердин эң жакшы жолдорун талкуулаш үчүн өкмөт адамдары менен сүйлөшүүгө камданып жатабыз", - деп айтты. Ошондой эле Жеймс Келли, эгер Түндүк Корея өзөктүк куралдардан баш тартса, АКШ ага отун жөнөтүү маселесин да кайра карап көрүүгө даяр экенине токтолуп, «биз өзөктүк куралдардан оолактай алсак, бул жерде АКШ тараптын же башка өлкөлөрдөгү жеке инвесторлордун Түндүк Кореяга энергия жаатында жардам көргөзүү мүмкүнчүлүгү болот", - деди.

Отун демекчи, Түндүк Корея 1994-жылы АКШ менен түзүп, өзөктүк жайларынын ишин токтотууга милдеттеме алган келишимге ылайык, Вашингтон аларга кадимки электростанциялар үчүн отун ирээтинде мазут берип турмак. Анын өлчөмү жылына жарым миллион тонна болчу. Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын көмүскө жагдайда улантып келгенин моюнга алган соң АКШ өткөн жылдын аягында ошол мазутту жиберүүнү токтоткон. Ал эми Пхеньяндын өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү заттарды өндүрүүгө жөндөмдүү Йонбон атомдук электростанциясындагы тоңдурулган реакторду кайра иштетүүгө камданып, өлкөдөн МАГАТЭнин эксперттерин чыгарышы - АКШнын жогорудагы чечимине берген жообу эле. Адегенде эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын ушул аракеттеринен улам тынчызданса, өткөн аптада Пхеньян мындан да опурталдууу эки жарыя жасады. Ал жарыялардын биринчисине ылайык, Түндүк Корея Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкты. Ал эми экинчи жарыя боюнча, Пхеньян алдыда ракеталык сыноолорго коюлган мораторийден да баш тартышы мүмкүн.

Бир катар талдоочулардын пикиринде, Пхеньян мындай опуртал кадамдарга Вашингтонду сүйлөшүүгө мажбурлаш үчүн барды. АКШ да өз тарабынан акыркы күндөрү Түндүк Корея кризисин жеңилдетүүгө багытталган чараларды көрүүдө. Маселен, президент Б.Клинтондун тушунда АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси болуп иштеген, азыр Нью-Мексика штатынын губернатору Билл Ричардсон өткөн аптанын соңунда Түндүк Кореянын эки дипломаты менен бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле. Ал жолугушуудан кийин Б.Ричардсон президент Ж. Буштун администрациясын Пхеньян менен түз сүйлөшүүгө барууга чакырды.

Айтор, расмий Вашингтондун акыркы кадамдары алар Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан кризисти, Пхеньянды изоляциялап, аны эл аралык коомчулукка сөөмөй кезөөгө шыктандыргандан көрө, диалог жолу менен чечүүгө ыктай баштагандай таасир калтырат. «Нью-Йорк Таймс» гезитинин жазганына караганда, Вашингтон администрациясында Түндүк Корея чатагын чечүүнүн жолдору боюнча эки башка көз караш бар. Алсак, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Түндүк Корея саясатында катаал багытты карманууну, бирок дипломатиялык байланыштарды жактайт. Ал Пхеньянга карата экономикалык санкциянын колдонулушуна каршы. Ал эми вице-президент Дик Чейни баштаган экинчи топ, Пхеньянды изоляцияда кармап, экономикалык кысым көргөзүү - ага жооп берүүнүн жалгыз жолу деген ишенимде.
XS
SM
MD
LG