Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН МҮЧӨЛӨРҮ БАШМЫЙЗАМДЫН СОҢКУ ДОЛБООРУНА КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ


Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү Кыргызстандын Конституциясынын Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясын 13-январда талкуулап, Башмыйзамдын долбоорун бул калыбында референдумга алып чыгууга болбойт деген бүтүмгө келишти.

Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү Кыргызстандын Конституциясынын Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясын 13-январда талкуулап, Башмыйзамдын долбоорун бул калыбында референдумга алып чыгууга болбойт деген бүтүмгө келишти. Бул талкуу Конституциянын жаңы долбоору президент Аскар Акаев тарабынан ушул эле күнү өкмөттүн кеңири жыйынында ачыкталып, референдумдун мөөнөтү жарыялангандан кийин болду.

Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүн Конституциянын Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясынын кыскача мазмуну менен биринчи вице-премьер-министр, Конституциялык Кеңешменин төрагасынын орун басары Курманбек Осмонов тааныштырды. К. Осмонов өз сөзүндө Конституциялык Кеңешменин отурумдарында талкууланган принципиалдуу маселелер ошол бойдон калганын билдирди. Бул жерде президенттин укуктары, кадрларды шайлоо жана тандоо маселелери, бир палаталуу парламент түзүлүш ыңгайынын өзгөрүлгөндүгүн белгиледи. Сунушталган долбоордо бир палаталуу парламент 75 депутаттан туруп, алар саясий партиялар тарабынан , же талапкерлер өздөрүн өздөрү сунуштоо жолдору менен бир мандаттуу аймактык округдардан беш жылга шайланары, мурда алынып салынган депутаттык кол тийбестик күчүнө киргизилгендиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле аткаруу бийлигин жайгаштыруу мурдагы нормага ылайык ишке ашат, жалпы юрисдикциядагы жана арбитраждык соттор биригет, ал эми Жогорку жана Конституциялык соттордун судьялары Жогорку Кеңеш тарабынан он жылга шайланат.

Курманбек Осмонов өз билдирүүсүнүн акырында референдум 2-февралда өтөөрү күтүлүп жатканын белгилеп, президенттин өтүнүчүн айтып өттү:
- Конституциялык Кеңешменин урматтуу мүчөлөрү, Президент референдумду өткөрүүнү уюштурууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшүңүздөрдү суранды.

Бирок, Конституциянын жаңы сунушталып жаткан долбоору ар кандай көз караштагы саясатчылар, бийлик өкүлдөрү тарабынан олуттуу колдоо тапкан жок. Кеңешменин бир катар мүчөлөрү долбоор азыркы бийлик башында турган адамдардын кызыкчылыктарына ылайык иштелип чыкканын жана мурдагы мыйзамдан сапаттык жактан олуттуу өзгөрүлбөгөндүгүн баса көрсөтүштү. Кеңешменин теңтөрагаларынын бири Өмүрбек Текебаев президенттин жаңы мыйзамда абсолюттук укукка ээ болгондугун жана Жогорку Кеңештин укуктары огобетер басмырланганын билдирди:
- Бул мыйзам президенттин абсолюттук бийлигин көтөрүп, анын элдин алдында, Жогорку Кеңештин алдында жоопкерчилигин абсолюттуу азайтканга багытталган мыйзам экен. Жогорку Кеңештин ролун бүгүнкүдөн да бир нече эсе төмөн түшүрүүнү көздөгөн мыйзам болуп отурат. Бирөөнү Кубат Калыбекович (Байболов) айтты. Мындан кийин бардык мыйзамдар өкмөттүн макулдугу менен же болбосо анын тыянагы менен гана киргизилиши мүмкүн деп отурат.

Депутат Адахам Мадумаров ушундай эле маанайдагы пикирин билдирди:
- Жаңы долбоордо- президенттики бардык жагынан туура, президенттикки кынтыксыз туура деген гана нерсе. Бүттү. Эч бир жерде мен прокуратура, сот системасына киргизилип жаткан эч бир жаңылыкты көргөн жокмун. Кандай болгон болсо ошол бойдон калыптыр.

«Эгер 2-февралда референдум болоору белгилүү болсо, бүгүн жаңы долбоорду кайра минтип талкуулоонун зарылдыгы канчалык?», - деп суроо койгон Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова долбоордун мазмунунда олуттуу катачылыктар бар экенин айтып, аны кунт коюп иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал жарандардын укуктары боюнча Конституциядагы 82 беренеге байланыштуу Эксперттик топко суроо берди:
- Сыртынан караганда 82-берене өзгөрүүсүз эле калган сыяктанат. Бирок, жарандар бузулган конституциялык укуктарын калыбына келтириш үчүн кайда кайрылышат? Үчүнчү пункттун 8-пунктчасы кандайдыр-бир деңгээлде жарандардын Конституциялык Сотко кайрылышына мүмкүнчүлүк түзүп берип турчу. Жаңы долбоордо бул норма алынып салынган.

Муну менен Баекова Конституциялык Соттун укуктарынын чектелгендигин белгиледи. Башкача айтканда, жаңы мыйзамга ылайык Конституциялык Сот Жогорку Кеңештен, өкмөттөн, Борбордук шайлоо комиссиясынан жана Президенттен келип түшкөн даттанууларды кабыл алат.

Отурумда сөз сүйлөгөндөрдүн басымдүү бөлүгү азыркы долбоорго кайчы пикирлерин айтышты. Ал эми Жогорку Соттун төрайымы Нэйля Бейшеналиева кеңешменин бир пикирге эч качан келе албай тургандыгын баса көрсөтүп, ишти илгерилете берүүнү, референдумга чейин ишти ыкчамдатып, ар ким өз сунушун беришин сунуштады. Ал эми оппозициялык маанайдагы саясатчылар Конституциянын негиздүү долбоору иштелип чыкканга чейин референдумду токтотууну сунушташты. Бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов Башмыйзамга жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн кыргыз өкмөтү кызматтан толугу менен кетишин талап кылды.

Жыйындын акырында катышуучулардын негизги бөлүгү мыйзамды кайра карап чыгуу тууралуу Конституциялык Кеңешменин сунушун жыйынга катышкан үч теңтөрага Курманбек Осмоновго, Апсамат Масалиевге, Өмүрбек Текебаевге, Жогорку Кеңештин кош палатасынын спикерлери Абдыганы Эркебаев менен Алтай Бөрүбаевге жана Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баековага тапшырышты. Бирок, айрым байкоочулар референдум мөөнөтү чукул калган шартта Конституциялык Кеңешменин бул сунушу оңой менен ишке ашпай тургандыгын айтып жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG