Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРДЫГЫ ЖАНА КАЙРЫЛУУСУ ТАЛАШ-ТАРТЫШТЫ ЖАРАТУУДА


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстандын президентинин кечээки жардыгына ылайык, 2-февралда Конституциянын жаңы редакциясын жактыруу жана президенттин ыйгарым мөөнөтүн 2005-жылдын декабрына чейин сактап калуу тууралуу референдум өткөрүлөт. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев дүйшөмбү күнү кечинде бул окуяга байланыштуу сыналгыда атайын билдирүү жасады. Оппозиция референдумга сунушталган долбоорду кескин сынга алууда.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Башмыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн маанисине кеңири токтолуп өттү. Ошондой эле референдумга коюлуп жаткан «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мыйзамынын долбоору бүткүл элдик референдумда оң чечилген учурдан, ал мыйзамга кол койгон күндөн тартып колдонууга киргизилээрин эске салды. Мыйзам күчүнө киргенден кийин, мурда колдонулган Башмыйзамга ылайык Президент, Жогорку Кеңеш, ошондой эле судьялар өздөрү шайланган мөөнөттүн аягына чейин өз ыйгарым укуктарын уланта бере тургандыгын маалымдады. Бирок, референдум учурунда добуш берүү үчүн бюллетенге кандай суроолор киргизилиши керек деген маселеге келгенде, кыргыз мамлекет башчысы коомчулуктун көңүлүн бурдурган жаңы бир жагдайды ачыкка чыгарды жана аны ушул эле күнү, тактап айтканда 13-январда кечинде кол койгон жарлыгында бышыктады. Элге кайрылуусунда мамлекет башчысы референдумга коюлуучу 2 суроону түшүндүрдү.

- Демократиялык жолду улантуу кырдаалында Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып жаткандыктан жана мен бүткүл эл тарабынан шайланганыма байланыштуу, Конституциянын жаңы редакциясы менен шайлоонун конституциялык мөөнөтү аяктаганга чейин, башкача айтканда 2005-жылдын декабрына чейинки Президенттик ыйгарым укуктарымды бүткүл элдин ырастап бериши жөнүндө маселени коюу зарыл деп эсептейм.
Бул менин башталган реформаларды ургаалдуу улантуу, референдумда киргизилип жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу укугумду ырастайт жана бийликтин жолун жолдоочулугун камсыз кылат.
Мына ошентип, Кыргыз Республикасында референдум өткөрүү жөнүндөгү Указга ылайык, бюллетенге эки суроо киргизилет. Биринчиси - «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу» деген суроо. Бюллетенде «ооба» жана «жок» деген эки жооп камтылган.
Шайлоочулар жооп бере турган экинчи маселе – «Конституцияга киргизүүгө белгиленген конституциялык оң өзгөрүүлөрдү турмушка ашыруу үчүн Аскар Акаев 2005-жылдын декабрына чейин (шайланган конституциялык мөөнөтү аяктаганга чейин) Кыргыз Республикасынын Президенти болуп калууга тийиш». Бюллетенде жооптун «ооба» жана «жок» деген эки варианты бар.


Мамлекет башчысынын мындай пикири менен Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстан» депутаттар тобунун өкүлдөрү Ишенбай Кадырбеков менен Адахан Мадумаров макул эместигин билдиришти. Депутат Ишенбай Кадырбеков президенттин өзүнүн ыйгарым укугу тууралуу суроону референдумга алып чыгышы - парламентти таратууга жасаган аракетке жатаарын айтты:
- Себеби ал өзү 2005-жылга жаңы Конституция боюнча легитимдүү болгондон кийин, бүт Жогорку Кеңеш, Өкмөт дагы - жаңы Конституциянын негизинде бардыгы легитимсиз болуп калат.

Депутат Адахан Мадумаров дагы өзүнүн коллегасынын пикирин колдоп, мындай референдумга таптакыр каршы экенин билдирди:
- Президент экинчи маселени эмне үчүн коюп жатат? Экинчи маселе - референдумду өткөрөөрү менен Жогорку Кеңеш да, бүт баары тарап жок болсун деген маселе. Эгерде бардыгыбыз чогуу кетели деген маселени койсок айтат ал, мага эл референдумда 2005-жылдын декабрына чейин укукту берген, сиздерде андай укук жок деп. Бул кийинки кадамына жасап жаткан ыплас оюну.

Ошол эле учурда биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов депутаттардын жогоруда айтылгандай пикирине кошула албастыгын, азыркы иштеп жаткан парламент, соттор, өкмөт өз ишин Конституцияга ылайык 2005-жылга чейин аткара берээрин баса белгиледи:
- Президент элге кайрылуусунда жана бардык жерде сүйлөгөн сөздөрүндө бийликтин бардык бутактары өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин, демек, 2005-жылга чейин иштейт, калат, сакталат, деп билдирип жатат. Ал аткарылат.

Ошентип, Кыргыз мамлекет башчысынын 13-январдагы элге жасаган кайрылуусу жана жардыгы алгачкы сааттардан тартып эле саясатчылар арасында бир топ талаш-тартыш пикирди жаратып жатат.
XS
SM
MD
LG