Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

«МОЯ СТОЛИЦА» ГЕЗИТИН СОТТОШУУДА


Бишкектин Ленин райондук сотунда “Моя столица” гезитине жана анда иштеген айрым журналисттерге карата берилген 13 доо арыз териштирилүүдө. Гезит редакциясы муну бийликтердин басылманы жабуу аракети дешсе, сотко доо арыз менен кайрылгандар кыргыз улутунун, жеке адамдын адамдык ар-намысын, ишкердик беделин сактоо аракети менен байланыштырышат.

13-январда Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын тургуну Акин Токталиевдин “Моя столица” гезитинде өткөн жылдын 4-октябрдагы санында жарыяланган журналист Людмила Жолмухамедованын “Проблема жок. Бир гана нерсе - мамлекетти башкара албагандык бар” жана 13-декабрдагы “Бийлик - калпты жайылтуунун эң кымбат жана коркунучтуу инструменти” деген макалаларына каршы жазылган доо-арыздары каралды. Акин Токталиев редакциядан 5 миллион сом, Людмила Жолмухамедовадан 50 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчүн сотко жолдогон. Доочунун доо-арызында жазылгандарды жокко чыгарып, анын өзүнөн ошончо өлчөмдөгү айыппул өндүрүп берүү өтүнүчү менен Людмила Жолмухамедова кайчы арыз жазган. Гезит менен журналистти эмнеге сотко берип жатканын Акин Токталиев мындайча түшүндүрөт.

- Бул менин гезитке каршы берген биринчи доо арызым эмес, мурдагы, өткөн жылы сотко бергем. Рина Приживойттун “биздин өлкөнү бандиттер башкарат, бандиттердин мыйзамы менен жашайбыз” деп жазганы үчүн сотко бергем. Алар “макул, мындан кийин мындай жазбайбыз” деп убада беришип, элдешүү менен тараганбыз. Кийинки доо арызды 27-ноябрда бергем. Бирок “Осмонакун Ибраимовду колдоп атат”, деп гезиттен-гезитке жазып атышат. Осмонакун Ибраимов 13-январда билдирүү менен чыгып атпайбы, доо арызды андан мурда бергем. Менин улуттук ар-намысыма тийип атат, мен сотко кайрылдым. Мен бирөөлөрдүн эмес, өз атыман сотко кайрылуудамын.

Кайчы доо арыз менен сотко кайрылган журналист Людмила Жолмухамедова соттук териштирүүдө талаш азырынча тактала электигин билдирди.

- Ыза көргөн Токталиев жөнүндө менин макаламда кеп деле болгон эмес. Азырынча анын чындыгына жете элекпиз. Бизге каршы жазылган доо арыздардын баары миллиондогон сомдордон турат. Анын баары гезитти каржылык жактан карайлаталы дегенден, андай акчасы жок журналисттерди коркутуш үчүн жасалып атат. Биздин айлык маянабыз деле чектелүү. Биз акча үчүн эмес, идея деп иштеп атканыбыз айрымдарга таңкалыштуу көрүнүшү мүмкүн.

«Моя столица» гезитин сотко берип аткан Акин Токталиевдин адвокаты Болотбек Супатаевдин пикири боюнча, соттук териштирүү тынч, маданияттуу өтүүдө:

- Адамдык ар-намысты коргоо боюнча жарандык иш сотто каралууда. Чечим чыга элек, аныктама да чыга элек, күтүп атабыз.

«Моя столица» гезитинин журналисттери күн сайын сот жараянына катышууда. Гезит редакциясынан 3 миллион сом өндүрүп берүү талабы менен Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев сотко кайрылган. Ал эми Кыргызстандын ички иштер министри Бакирдин Суванбеков гезит менен журналист Замир Өсөровду 500 000 сом айыппулга жыгуу өтүнүчүн сотко жолдогон. «Буудай» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жумгалбек Аманбаев редакциядан 1 миллион сом, «Мурунку партия жетекчиси – эмдиги жолбашчы» макаласынын авторунан 500 000 сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Сот жараяны улантылууда.
XS
SM
MD
LG