Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

ОРУС БАСМА СӨЗҮНӨ 300 ЖЫЛ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Москва 13-январда орус басма сөзүнүн жаралганына 300 жыл толду. 3 кылымдык өмүр жолунда орус басма сөзү кандай ийгиликтерге жетишти? Коом турмушунда анын бүгүнкү орду кандай?

Мындан 300 жыл мурда Петр Биринчи «Өлкө ичиндеги жана чет элдик кабарларды чагылдырып туруучу гезит түзүү жөнүндөгү» жарлыгын кабыл алган. Анын негизинде пайда болгон биринчи гезит «Ведомости» деп аталып, орус жана бир катар башка чет тилдерде басылып, биринчи кезекте мамлекет жүргүзгөн саясий ишмердүүлүктөн кабар берүүчү башкы куралга айланган эле. Андан бери орусиялык басма сөз каражаттары өнүгүү жолунда бир канча олуттуу өзгөрүүлөргө учураганы менен, көп учурда императордук, кийин советтик идеологиянын, эми болсо президенттердин күчтүү таасирине кабылып келишет.

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин 13-январда өлкөнүн бардык басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, басып өтүлгөн 300 жыл орус басма сөз коомчулугунда күчтүү профессионалдык илеп калыптангандыгынын күбөсү болгонун белгиледи. «Орусиялык журналисттер кылым чектеринде өз ишине берилгендигин далай ирет атуулдук эрдик менен даңазалай алышты», деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Учурда Орусиянын аймагында 37 миң 425 басма сөз каражаты, ошондой эле 6 миң 616 электрондук массалык маалымат каражаты каттоодон өткөн. Өлкөнүн Басма сөз министрлигинин маалыматы боюнча, Орусияда электрондук жана басма сөз каражаттарынын өнүгүш тенденциясы дале сакталууда. Электрондук маалымат каражаттарынын ичинде телекөрсөтүүлөр басымдуулук кылат. Андан сырткары, 868 электрондук интернет-басылма бар. Өлкөнүн бардык региондоруна таркатылып, базарда өтүмдүүлүгү боюнча биринчи орунда «Московский Комсомолец» гезити турат.

«Акыркы 10-15 жыл аралыгында юридикалык жактан эркиндике ээ болгон орус басма сөзү чыныгы эркиндикке жетише алдыбы же жокпу?» – деген суроо өлкөнүн сыртында эле эмес, анын өзүндө да түрдүү кайчы пикирлерди жаратууда. Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Ясен Засурский маселеге карата өз оюн мындайча билдирди:

- Бүгүн басма сөздө, албетте, сөз эркиндиги бар. Басма сөз эркиндиги жөнүндө кеп кылганда бүгүн биз дагы бир башка проблемага такалабыз. Бул - анын экономикалык көз карандылыгы. Орус басма сөз каражаттары бүгүн юридикалык жактан эркин болушканы менен аны каржылаган кожоюндан көз каранды. Анткени, басма сөз өндүрүшүнө инвестиция жасалбай, анын үстүнө гезиттерге берилип жаткан реклама, чыгашаны актабай жатат.

Ал эми «Ачыктыкты коргоо» фондунун президенти Алексей Симоновдун оюнда, Орусияда бүгүн эркин басма сөз каражаттары жок:

- Басма сөз каражаттарынын эркиндиги эки фактордун айкалышынан келип чыгышы керек. Биринчиден, ар бир инсандагы жеке эркиндик сезими, экинчиден, ошол эркиндиктин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарт болушу абзел. А бизде булардын бирөө да жок. Анын үстүнө орус басма сөзүнүн тарыхында эркиндикке негизделген тажрыйба болгон эмес. Ал дайыма кимдир-бирөөдөн көз каранды болуп келген. Ошондуктан, биринчи кезекте, эркиндиктин мааниси эмне экенин түшүнүп, анын жолун басып өтүшүбүз керек.

Ал эми бир катар чет элдик изилдөөчүлөр орус басма сөзү акыркы 10-15 жыл ичинде чоң өзгөрүүлөргө учурап, көз карандысыздыка умтулуп жаткандыгын, бул батыш изилдөөчүлөрүнүн кызыгуусун жараткандыгын айтышат.

- Орусиядагы басма сөз, менин пикиримде, бир катар батыш өлкөлөрүндөгү басма сөзгө караганда алда канча эркинирээк сезилет. Бул атайын жасалган иш эмес, капыстан калыптанган көрүнүш болсо керек. Бирок британиялык басма сөз каражаттарынын артында кандай саясий күч тургандыгы, алардын байланыштары, кимге баш ийе тургандыктары белгилүү деп айтаар элем. Ал эми орусиялык гезиттерди саясий мааниде кимдер башкараары түшүнүксүз. Анткени, орус гезиттеринде дайыма саясий проблемалар, алардын басымы жашыруун ишке ашырылат, ошондуктан аларды ким башкараарын аныктоо кээде өтө кыйын ,– дейт британиялык журналист Джон Дан.

Мына ушундай түрдүү ой-пикирлердин негизинде, талкууга алынган орус басма сөзү өлкөнүн учурдагы жарандык жана маалымат коомдорун түзүү максатын ишке ашырууда бир катар орчундуу тоскоолдуктарга кабылышы мүмкүн экендиги белгиленди. Анын эркин өнүгүшү үчүн бүгүн финансылык көз карандылык эле эмес, журналисттик этика менен коом кызыкчылыгы башкы орунда турушу керектигине басым жасалды.
XS
SM
MD
LG