Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

БАШМЫЙЗАМДЫН ТАЛКУУСУНА КАЛК КАТЫШАБЫ?


Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча талкуу.

“Азаттыктын” бүгүнкү “тегерек үстөл» үстүндөгү аңгеме-дүкөнү конституциялык реформа маселелерине арналып, ага Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Конституциялык Кеңешменин мүчөсү Зайнидин Курманов, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун деректиринин орунбасары Карыбек Байбосунов катышууда. Оболу Башмыйзамга киргизилчү алымча-кошумчаларды ыраатка салуу ишине тартылган Эксперттик топ даярдаган текст Конституциялык Кеңешмеде дагы бир талкуудан өтөбү-өтпөйбү – ошону тактап алалы. Анан да конституциялык талкуудагы көптөгөн элдин пикир-сунуштары Башмыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөргө кошулабы? Зайнидин мырза, сөздү сиз баштайсыз го.

Зайнидин Курманов:
- Конституциялык Кеңешмени эч ким таркаткан жок. Январдын он үчүндө анын отуруму болмокчу, ошону күтүп жатабыз. Конституциянын талкуусунда ар кыл пикирлер айтылышы мүмкүн. Анткен менен Конституция кабыл алынгандан кийин баарыбыз ага баш ийишибиз керек. Конституциялык Кеңешмесиз талкуунун жыйынтыгы чыгарылбайт, Эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы Конституциялык Кеңешменин кароосунан өтөт.

Клара Ажыбекова:
- Конституциялык реформа Аксы трагедиясынан, көтөрүлүп чыккан элдин талабынан улам чыкты. Анын үстүнө бул реформа алдын-ала ойлонулуп, ыраатка салынбай күнүмдүк саясий кызыкчылыктардан улам башталып калды. Башында Конституциялык Кеңешме түзүлсө, кийин болсо Эксперттик топ түзүлдү. Ал Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү менен кеңешпестен туруп эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, соңку жыйынтыкты чыгарат дегендей сөз болду. Президент Акаев оппозицияга таарынгандай түр көрсөттү. «Эгер ымалага келбесеңер силерсиз эле мен Конституцияга өзгөртүү киргизип кое алам» деген ишаара жасады. Анын көптөгөн жыйындарда сүйлөгөн көп сөздөрү, мисалы мага, ушундай эле таасир калтырды. Конституциялык реформанын чыкканы, ага элдин катышканы, менимче, эң туура чечим болду. А бирок, конституциялык өзгөртүүлөрдүн акыркы вариантын Конституциялык Кеңешме карап чыгышы зарыл, ансыз өзгөртүүлөрдү референдумга алып чыкса туура болбой калат. Конституциялык Кеңешме өзгөрүү, алымча-кошумчаларды дагы бир кароодон өткөрүп, анан референдумга алып чыгуу туура го деп ойлойм. Менин референдум тууралуу өзүмүн оюм бар, эмне үчүн референдум? Конституциянын теңинен көбү көбү оңдолуп атса, аны эки суроонун тегерегине топтоп, элдин суроосуна алып чыкканыбыз жасалма иш болуп калышы мүмкүн. Жалпы элдик Конституция болсун десек, аны менен кыйла жылдар жашайбыз десек, жасап аткан ишибиздин логикасы болсун десек, конституциялык өзгөрүүлөр парламентте депутаттар арасында да талкууланып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынса туура болмок.

Карыбек Байбосунов:
- Конституциянын тексти дүйнөлүк саясий маданияттын талабына төп келбейт, биринчиден, ал өтөле көлөмдүү, абдан майдаланып кеткен жерлери арбын. Бийликтин үч бутагын көркөмдөштүрүп жазуудан Конституциянын көлөмү көбөйүп, андан мазмуну жакшырган жок. Конституциялык өзгөрүүлөр максатына жеткен жок. Президенттин ыйгарым укуктарын азайтуу, өкмөттүн укуктарын чектөө менен көбүрөөк алектенип отуруп, кийинки келе турган президенттин иштешине тоскоолдук орнотуп коюшту. Элдик пикир тууралуу айта кетейин. Конституциянын формасы, максаты, түзүлүшү тууралуу түшүнүгү жок болгон калк кандай сунуш айтмак? Антип элге салбай эле Эксперттик топ аткарып койчу жумушту талаш-тартышка аралаштырып отурушуп ишти чала бүткөрүп коюшту.

Зайнидин Курманов:
- Клара эженин сөзүнө тактык киргизип коеюн. Конституция талкуусунда айтылчу сөздөр айтылды, депутаттык топтор, саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү, эл өз пикирлерин айтып, алар Конституциялык Кеңешмеде талкууланды, Эксперттик топ аларды иргеп, тактап жазып чыгат. Конституцияны жазып чыгуу – татаал жумуш. Анын өз стили, техникасы бар. Ошон үчүн Эксперттик топ түзүлгөн. Бул өзү техникалык иш. Конституциялык Кеңешме өтпөйт деп эч ким айта элек. Кеңешме ишин улантат. Эксперттик топ текстти укуктук негизге тууралап, чекит коет. Аны биз Конституциялык Кеңешмеде талкуулап, референдумга жөнөтөбүз. «Эмне үчүн референдум?» деп атпайсызбы. «Бийликтин ыйгарым укуктарын, президенттин, өкмөттүн, парламенттин ыйгарым укуктарын конституциялык жагынан өзгөртүү референдум аркылуу гана кабылданат» деп койгонбуз мурунку референдумдарда. Эл кабыл алган чечимди элдин өзү гана өзгөртө алат. 1993-жылы Орусия Конституциясын референдум менен кабыл алган. Анын жолоюн Казакстан да жолдогон. Башка бир өлкөлөрдө Конституцияны президенттин жарлыгы менен бекитип коюшат экен. Мына биздин Конституцияга 56 өзгөртүү киргизилип атабы? Эгер ошонун бирөө эле жакпай калса «жок» деп чийип таштаңыз.

Эксперттик топ түзүлгөндө ал конституциялык өзгөрүүлөрдү иретке келтирип, даяр текстти референдумга алып чыгары айтылган. Жакындан бери, жыйынтык иш Конституциялык Кеңешменин кароосуна коюлары айтыла баштады. Минтүүнүн кандай себеби бар?

Карыбек Байбосунов:
- Референдум - бул өзү кымбат иш. Жалпы элдик сынга коюлчу маселе эң алды эл ичинде талкууга алынып, калкка тааныш болуш керек. Бийликтин түзүлүшү өзгөрүлсө, аны референдумга алып чыкса болот.

Зайнидин Курманов:
- Элдик талкуу дегенибиз менен ага маалымдоо каражаттарынан «Слово Кыргызстана» гезитинен башка активдүү катышкан басылманы деле учуратпадым. Талкууда сот, прокурор, депутаттар, министрлер пикирлерин айтканы болбосо, эл кандай өзгөрүү кирип атканынан кабарсыз эле калды. Эми дагы 3-10 жыл талкууга салып койсок деле ушундай эле жыйынтык чыгат. Конституция – татаал документ. Азыр болсо ар ким жуурканды өзүнө тартууда. Соттор укуктарын кеңейтүү аракетинде, депутаттарды угуп отурсаң Жогорку Кеңешке деген эле пикир. Айрымдар элдик кеңеш түзүп анын башына президентти коюу сунушун айтып, Түркмөнстандын жолун жолдогусу келүүдө. Эксперттик топ пикирлерди угуп, жалпылап чыгышы керек.

Клара Ажыбекова:
- Эксперттин топтун ишине биз каршы эмеспиз.

Зайнидин Курманов:
- Эксперттер жооп бериши керек. Ал жерде ишин мыкты билген адистер болушу керек. Ар кыл пикирлер айтылып атты, аларды отуруп алып талдап, туурасын туура деп ишке ылайык жазып чыгыш зарыл. Бул өзү жөнөкөй көрүнгөнү менен татаал жумуш.

Клара Ажыбекова:
- Зайнидин Карпекович, мен Эксперттик топко каршы чыгып жаткан жерим жок. Эгер ал жалаң юридикалык, техникалык маселелер менен гана алектенсе – ага каршылык жок. Жок, антпей, Конституциялык Кеңешмени жокко чыгарып Эксперттик топ гана текстти референдумга алып чыкса туура эмес болуп калат. Конституциялык Кеңешме эксперттик топтон кийин текстти өзүнө алып, талкуудан өткөрүп референдумга чыгарышы керек. Сөз ушул жаатта жүрүп атат.

Зайнидин Курманов:
- Эксперттик топ Конституциялык Кеңешмеде жактырылган текстти гана иштеп чыгат. Конституциялык Кеңешмеде көп нерселер туура эмес жазылып калган. Кеңешмеде эмоция басымдуулук кылып ал жерде отурган 5-6 юристтин үнү угулбай эле калган. Мына, өкмөттү күчөтүш керек деп жаздык, ага баарыбыз макулбуз. Өкмөт башчысын, министрлерди президент көрсөтөт - депутаттар макулдук беришет, баарысы 40 жакын кызмат. Борбордук шайлоо комиссиясын, өзүбүздүн палата спикеринин орунбасарын шайлайбыз деп 4 күн убара болгонбуз. Мынабу 40 өкмөт мүчөсүн кызматка дайындоо, ага кошуп 350 сотту, эсеп палатасынын мүчөлөрүн шайлап отурсак, мыйзамдарды качан кабыл алабыз? Эми өкмөттүн кожоюну экөө болуп калды. Эртең бир депутат «мага кредит бербедиң, тууганымы жумушка албадың, импичмент жарыялайм», деп чыгат. Анан башталат.

Клара Ажыбекова:
- Советтик мезгилде кадр маселесин Жогорку Советтин президиуму чеччү. Азыр болсо көмүскө нерселер, айрыкча кадр маселесинде көп болууда. Ошонун натыйжасында аткаруу бийлиги жакшы иштей албай жатат. Эгер өкмөттү дайындоо парламентке берилсе – анын эч зыяны жок, убакты-саатты аябай шайлап эле коюшат. Өткөндө Омбудсменди кыйналбай эле шайлабадыңарбы.

Зайнидин Курманов.
– Эже, мен сизге түшүнө албай жатам. Сиздин партия күчтүү мамлекеттик бийлик керек, десе сиз башканы айтып атасыз. Өкмөттү дайындоо, кетирүү ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө менен эле чечилиши керек. Ошол жетиштүү.

Карыбек Байбосунов:
- Конституциялык өзгөрүүлөрдө мамлекеттин саясий түзүлүшү кандай болору айтылышы керек. Конституциянын кыска болгону жакшы. Сот бийлиги, аткаруу бийлиги, элдик өкүлчүлүк мынчалык майдаланбай, алардын кылар кызматы атайын мыйзамда көрсөтүлгөнү оң. Жаңы өзгөрүүлөрдө мамлекеттик түзүлүштүн негизги принциптери берилбеди. Мындай роман сыяктуу көлөмдүү Конституция 2005-жылдан кийин сөзсүз өзгөртүлөт. Ошон үчүн азыркы өзгөрүүлөрдө мамлекеттик түзүлүштүн принциптерин калтырып, калганын кыскартып койсо дурус болмок. Ал эми артыкбаш деталдаштырууну алып койгон оң.

Соңку суроо. Сиздердин оюңуздарча Конституцияга дагы кандай орчундуу, маанилүү өзгөрүүлөр кирбей калды?

Клара Ажыбекова:
- Президенттин ыйгарым укуктарынын көбү парламентке өтүшү керек. Анан парламенттин эки же бир палатадан туруусун аныктап алуу да өзгөчө маанилүү. Бул жерде саясий партиялардын жетекчилери отурабыз. Партиялар өспөй атат деп көп кеп кылабыз. Аларды мына ушул парламенттен өстүрүү керек. Парламенттеги орундун 50%
партиялык тизмеге бөлүү туура.

Зайнидин Курманов:
- Азыркы партиялардын баары «эл» деп, «эл үчүн иштейбиз» деп көп айтышат. Баары эле «жыргатам, куунатам». Элдин башы айланып калды, кайсы партияга ишенээрин билбейт. Конституциялык реформа болобу, жөнөкөй реформа болобу – баарынын башында адам турушу керек. Анын укугу сакталбаса, бийликти кимге бересиң - президенткеби, парламенткеби – кимисине бербегин, адам укугу сакталбаса – баарысы бекер. Реформанын түпкү максаты адам болуп атпайбы. Биздин бардыгыбыздын аң-сезимибизде коммунисттик идеялар турат, биз андан кутула албай келатабыз.

Клара Ажыбекова:
- 12 жыл ичинде баарын талкалап бүтүрбөдүңөрбү? Мына силердин чен-өлчөм.

Зайнидин Курманов:
- Аны коммунисттер талкалашты. Либералдык идеология орной элек.

Тектеш

XS
SM
MD
LG