Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Түндүк Кореяга беш күндүк визит менен Австралиянын дипломатиялык делегациясы келди. Пхеньяндагы сүйлөшүүлөрдө негизинен Корей жарым аралындагы атомдук кризисти жөнгө салуунун жолдору талкууланат. Бу проблеманы дүйшөмбү күнү Сеулда түштүккореялык жана америкалык ырасмий өкүлдөр да талкуулаган эле.Ак үйдүн өкүлү ошол эле күнү Вашингтон Пхеньянга эч кандай жаңы демилгелерди сунуш кылбагандыгын ырастап, Түндүк Корея дүйнөлүк коомчулуктун талаптарын так аткарууга тийиш деп билдирди.

Австралиянын делегациясы азыркы атомдук кризис тутангандан бери Пхеньянга келген Батыштын биринчи өкүлдөрү болду. Бирок алар коммунисттик режимдин кайсы өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, азырынча белгисиз. Делегациянын жетекчиси, Австралиянын тышкы иштер министрлигинин Түндүк Азия боюнча департамент башчысы Мюррей Маклейн Пекинден Пхеньянды көздөй жол тартып жатып, визиттин жүрүшүндө Түндүк Кореядагы атомдук кырдаалга байланыштуу Батыштын катаң пикирлерин билдиргени жатканын ырастады. Аталган региондо Австралиянын Кытай, Япония жана Түштүк Корея өңдүү үч соода өнөктөрү бар экендигин белгилеп, Маклейн эгер Корей жарым аралы атомдук куралга шыкалып калса, бүт регион олуттуу бүлгүнгө түшөрүн, буга чейин жасалган иштердин баары ойрон болорун эскертти. Ошондуктан австралиялык дипломаттар кризистин чечилишине көмөктөшкүсү келет. Бирок Маклейн саясий “бокчосунда” конкреттүү кандай сунуштар бар экенин айткан жок, болгону делегация Пхеньянга Вашингтондун эмес, Австралия өкмөтүнүн демилгеси боюнча келгенин бышыктады.

Пхеньянга мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын атайын чабарманы Мориз Стронг да келди. Өз сапарынын максатын түшүндүрүп, ООНдун чабарманы баарыдан мурда Түндүк Кореяда гуманитардык кризиске жол бербөө үчүн эл аралык коомчулуктан кандай жардамдар керектигин тактап, жалпы азыркы жагдайга байланыштуу пхеньяндык өкүлдөрдүн ой-пикирлерин укканы атайын ар арытып келгенин билдирди.

Дүйшөмбү күнү Пхеньяндын маселесин президент Буштун атайын чабарманы Жеймс Келли да Сеулда Түштүк Кореянын жаңы президенти Но Му Хен менен талкуулаган эле. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң ал кокус Пхеньян атомдук программасын өнүктүрүүдөн баш тарта турган болсо, Вашингтон экономикалык жактан жардамдашканга даяр дегендей мааниде билдирүү жасады. Бирок Келли мындай иш алеки саатта боло калбай тургандыгын да эскертти. Бул үчүн, америкалык чабармандын айтымында, Пхеньян алды менен дүйнөлүк коомчулук алдындагы милдеттенмесин кынтыксыз аткара аларын далилдөөгө тийиш. Ал эми Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер Вашингтон өкмөтү Түндүк Кореяга эч кандай жаңы демилгелерди сунуш кылбагандыгын ырастады. Кошмо Штаттары Пхеньяндын атомдук опузасына жооп кайтаргысы келбейт, деп билдирди ал.

Экс-президент Клинтондун администрациясындагы белгилүү ишмерлердин бири,мурдагы мамлекеттик катчы Мадлин Олбрайт испаниялык “Паис” гезитинде жарыяланган интервьюсунда Түндүк Кореяны Иракка караганда алда канча кооптуу режим катары сыпаттады. Ошону менен бирге Олбрайт Ким Чен Ир менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө Вашингтон үчүн каскак жоктугун кошумчалады. Учурунда америкалыктарга жадесе Сталин жана Мао Цзедун менен деле тил табышканга туура келгенин эске салып, Олбрайт түндүккореялык лидер чомочосун көтөргөн кокураймалыгына карабастан өлкөнүн экономикасы айласыз абалда экенин кантсе да жакшы түшүнөрүн белгиледи.Муну Олбрайт кезинде Ким Чэн Ир менен эки-үч курдай сүйлөшүп,жаздемдебей байкаган.

Айтмакчы, Буштун администрациясы да азыр негизинен Пхеньяндын проблемасын Кытайдын жана Россиянын жардамына таянып чечкенге аракет кылууда. Шейшемби күнү Кытай бийликтери Пекинде Вашингтон менен Пхеньяндын сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылды. Россиянын тышкы иштер министрлиги бул демилгени кубаттап, ушундай жол менен гана кризистен чыкканга болорун билдирди.

Корей жарым аралындагы кырдаалга байланыштуу Москванын мамилесине кайрылып, “Коммерсант” гезити атомдук курал менен дүйнөнү опузалаган өлкөнү айныксыз террорист деп атаганга болорун белгиледи. Андай болсо “терроризмге каршы согуш жарыялаган Россия эмне үчүн Корей жарым аралынын түндүгүндөгү опузачыл өлкөнүн позициясын мынчалык өнтөлөп коргоп жатат?” - деп собол коет “Коммерсант”.
XS
SM
MD
LG