Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Конституциянын жаңы редакциясы боюнча мамлекеттик кызматкерлер үчүн семинар өткөрүлдү


Өкмөт Үйүндөгү бу жыйынга кабинет мүчөлөрү, губернаторлор жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Семинарда Конституциянын жаңы редакциясы жана жалпы элдик талкуудан кийин ага киргизилген жаңы жоболор тууралуу биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов, Эксперттик топтун төрагасы Чолпонкул Арабаев, топтун мүчөлөрү Галина Мукамбаева жана Сүйөркүл Косаков маалымат беришти. Семинарда белгиленгендей, Негизги мыйзамдын жаңы редакциясында Конституциялык Кеңешме сунуш кылган жоболордун баары сакталган. Эксперттик топ аларды элден түшкөн сунуш-пикирлер менен бирге жалпылап, мыйзам тилине ылайыктап, жазып чыкты. Семинар Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзамды түшүндүрүү максатында өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG