Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Тамбовдун химиялык комбинатында болгон кырсыктан жарат алган бир киши ооруканада каза болду


МОСКВА. Бүгүн Орусиянын химия комбинатындагы кырсыктан жарат алган кишилердин бирөө ооруканада каза болду.
Тамбов шаарындагы “Пигмент” деген химиялык комбинаттын цехинде чатыр кулап кетип, жарылуу болгон. Кырсыктан эки киши жарадар болгон эле. Орусиянын чукул кырдаалдар министрлиги кырсыкка коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгонун маалымдайт. Кырсыкка байланыштуу комбинаттын иши токтотулду. Андан ишкананын башкы имараты жабыркабаганы айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG