Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Кабулда миңдеген майыптар демонстрация өткөрүшүп, жөлөк пул төлөп берүүнү талап кылышты


КАБУЛ. Бүгүн согушта майып болгон жүздөгөн оогандар демонстрация өткөрүшүп, жөлөк пулдарды кечиктирип, чет элдик жардамды дарексиз сарптап жатат деп өкмөттү сынга алышты. Демонстрация Кабулда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында өткөрүлдү. Нааразылык акциясына көзөмөл жүргүзгөн АКШнын аскерлери менен полиция демонстранттардын президенттик сарайга барышына тоскоолдук кылышты. Айрым демонстранттар жөлөк пулдарын 6 айдан бери ала албай келатышканын айтышат. Майыптар проблемасы менен аралышкан министрликтин башчысы Абдулла Вардак демонстранттар көтөргөн маселени президент Хамид Карзай менен талкуулаганын жана өкмөт алардын талабын канааттандыруунун жолдорун караштарып жатканын билдирди. Ооганстанда болжолу менен 800 миң майып бар, алардын бир тобу өлкөдө орнотулган миналардын жарылышынан майып болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG