Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Белгисиз диний топ АКШнын Ооганстандагы аскерлерин күйүүчү май менен камсыздаган кишилерди опузалап жатат


ИСЛАМАБАД. “Афган Ислам Пресс” кабар агенттигинин маалыматы боюнча, белгисиз ооган диний тобу АКШнын Ооганстандагы аскерлерине күйүүчү май ташыган унааларды жардырууга, эми унаа ээлерин өлтүрүүгө кезенген. Агенттиктин айтымында, өзүн "Талибдер жана чыныгы моджахеддер” деп атаган топ пушту тилинде жазылган ушундай маанидеги билдирүүсүн Пакистандын Пешавар шаарында чыккан бир топ гезиттердин кеңселерине жиберген. Билдирүүдө АКШнын Ооганстандагы аскерлерин азык-түлүк жана күйүүчү май менен камсыздоо - ал каражаттар мусулмандарга каршы колдонулуп жаткандыктан - "арам" деп аталган.
Мындан бир жума мурда өзүн "мусулман моджахеддердин жашыруун уюму" деп атаган топ АКШнын Ооганстандагы аскерлерине жасалган 50дөн ашык кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алган болчу.

XS
SM
MD
LG