Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Орусия менен Япония тынчтык келишимине кол коюу аракеттерин ыкчамдатууга сөз беришти


МОСКВА. Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Орусия менен Япониянын Азия жана Тынч Океан чөлкөмүндөгү өз ара кызматташуусу жакшыра турганына үмүт артканын билдирди. Бул жөнүндө Иванов бүгүн Москвада Япониянын коргоо министрлигинин башкы директору Шигеру Ишиба менен жолугушуу учурунда айтты. Ивановдун айтымында, эки ортодогу өнөктөштүк жаңы опурталдуу жагдайларды жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Ишиба Москвага кечээ Түндүк Корея кризисин жана Япония менен Орусиянын ортосундагы талаш маселелерди сүйлөшүү үчүн келген. Саясатчылар ошондой эле Япониянын ракеталардан коргонуу системасын АКШнын жардамы менен куруу планын талкуулашты. Саясатчылар эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимге кол коюу аракеттерин ыкчамдатууга макул болушту.

XS
SM
MD
LG