Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Лондондо Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга арналган эл аралык конференция өтүп жатат


ЛОНДОН. Палестин жетекчилеринин бири, палестиналык жан кечти террорчулардын кол салуулары токтотулуп, палестиндердин региондо каттоосуна Израилдин киргизген чектөөсү алынып ташталган соң гана израил-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү мүмкүн боло турганын билдирди. Бул жөнүндө бүгүн Лондондо өтүп жаткан эл аралык конференциянын катышуучулары менен видеобайланышка чыккан Палестинанын маалымат министри Ясыр Абдел Рабо Рамаллахтан билдирди. Палестин автономиясын реформалоо жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу маселелерине арналып, Лондондо өткөрүлүп жаткан эл аралык конференцияга палестин делегациясы катыша алган жок. Анткени Израил палестиндердин каттамына тыюу салган. Израилдик өкүлдөр болсо конференцияга чакырылган эмес. Британ тышкы иштер министри Жэк Строу палестин делегациясынын жыйынга видео аркылуу катышып жатканы конференциянын сапатын төмөндөткөнүн билдирди.
"Видео аркылуу катышуу, кантсе да бетме бет жолугушкандай болбойт. Бул өтө маанилүү окуя, жана Израил палестин жетекчилигине келүүгө мүмкүндүк бериши керек эле", - деди Строу. Жэк Строу Палестин жетекчилигине кайрылып, ички реформаларды ыкчамдатууга чакырды.

XS
SM
MD
LG