Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

КОМИССИЯЛАР ООГАН ЛАШКЕР БАШЧЫЛАРЫН КУРАЛСЫЗДАНДЫРА АЛАБЫ?


Ооганстандын коргоо комитети жер-жерлердеги лашкер башчыларга караштуу күчтөрдү куралсыздандыруу жана улуттук армия түзүү багытындагы биринчи кадам катары төрт комиссия түздү. Бирок, комиссияларды түзүү маселесине арналган жыйынга таасирлүү лашкер башчы, генерал Абдулрашид Достумдун катышпаганы, борбордук өкмөттүн өз бийлигин чыңдоо аракетин артка тартышы ыктымал дешет талдоочулар.

Ооган өкмөтү жер-жерлердеги лашкер башчыларга баш ийген күчтөрдү куралсыздандыруу жана 70 миң аскердик улуттук армия курууну тездетүү максатында төрт комиссия түздү. Бул жөнүндө Ооганстандын коргонуу комиссиясы ишемби күнкү кеңешмеден соң жарыя кылды.

Коргоо министри Мохаммад Фахим төрагалык кылган жыйынга дубандардагы сердымак лашкер башчылардан өзбек генералы Абдулрашид Достум гана катышпады.

Достум Кабулдагы жана өкмөттүк аскерлер контролдобогон башка аймактардагы кооптуу абалга шылтап, Мазари-Шарифте калууну оң тапкан дешет талдоочулар.

Ооганстандын түндүк аймактарында Достумдун аскерлери менен Фахим тарабындагы “Жамаати-Исламияга” караштуу топтордун ортосундагы кагылышуулар дале токтой элек. Хазарилер да Достумду сүйө беришпейт. Ошондуктан, Достум июнь айында болгон Улуу Жыргадан бери Кабулга аяк баса элек.

Куралсыздандырууну контролдоо боюнча жаңы түзүлгөн комиссияны коргоо министринин орун басары, улуту тажик Атикулла Барилай жетектейт.

“Жамаати-Исламиянын” мүчөсү Барилайдын айтымында, улуттук армияны түзүү иши 2004- жылдын июнь айынан эрте бүтпөйт. Ал учурга карата Улуттар Уюмунун Карзайдын өкмөтүнө берген мандаты аяктап, өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүлүшү абзел. “Ыктыярдууларды тандоого, улуттук армиянын базасын түзүүгө жана жоокерлерди машыктырууга кеминде төрт жыл кетээри талашсыз. Төрт жылдын ичинде бизде мыкты даярдалып-уюмдашкан кубаттуу армия болот деген үмүттөмүн”, - деген эле Барилай “Азаттык” радиосунун кабарчысына.

“Чикаго трибюн” гезитинин жазганына караганда, Карзайдын өкмөтүндө азыр АКШнын жана Франциянын аскерлеринен таалим-тарбия көргөн 2 миңдей гана аскер бар. Өткөн аптада алардын катарына кенже офицерлер мектебинин 452 бүтүрүүсү кошулган.

Куралсыздандыруунун жүрүшү, Кабулдук байкоочулар менен батыштык аскерий эксперттердин пикирине караганда, регион лидерлеринин Коргонуу комиссиясы менен кызматташуусуна жараша болот.

Коргоо министри Фахимдин төрагалыгы астында өткөн жыйынга батыштагы Герат провинциясынын губернатору, улуту тажик Исмайыл Хан, Кандагар провинциясынын пуштун губернатору Гул Ага Шеразинин катышуусун көпчүлүк байкоочулар оң жышаан катары баалашты. Ысмайыл Хандын жеке өзүндө 25 миң чамалуу аскери, көптөгөн танктары менен моторлуу техникасы бар. Тажик калкы басымдуулук кылган Паншер өрөөнүндөгү күчтөрдү Фахим өзү контролдойт.

Өлкө коопсуздугун камсыздоого байланыштуу маанилүү жыйынга генерал Достум катышпаганы менен, Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча атайын элчиси Лакхдар Брахими төрт комиссияны түзүүгө жогорку баасын берген. “Эл аралык коомчулук куралчан топторду куралсыздандыруу жана Ооган улуттук армиясын түзүү боюнча Коргоо комиссиясы менен чогуу иштөөгө даяр экенин Брахими кайра ырастайт”,- деп билдирди Брахиминин өкүлү Маноел де Алмейда е Сильва.

Комиссиялар каруу-жаракты чогултуудан башка, курал-жарагын өткөрүп берген, бирок Улуттук армияда кызмат кылууну каалабаган жоокерлерди коомго аралаштырып, мүмкүн болсо иш менен да камсыздайт. Бул иш - Карзайдын хазар орун басары Карим Халилинин жаңы вазийпасы. Аскерлерди машыктыруу пуштун генералы Рахим Вардакка, офицерлерди тандоо иши түштүк чыгыштагы Пактия провинциясынын өкүлү, улуту пуштун генерал Задранга жүктөлгөн.

Куралсыздандыруу программасын япон өкмөтү каржылап, АКШ, Британия, Германия жана башка батыш өлкөлөрү Ооган армиясын машыктырууга көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG