Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

УКРАИНА АКШнын ИШЕНИМИНЕН ЧЫКТЫ, БИРОК МАМИЛЕНИ ОҢДООНУН ЖОЛДОРУ БАР


Улан Алымкул уулу, Прага АКШ менен Украинанын акыркы кездери солгундап кеткен мамилеси дагы начарлашы мүмкүн. Мындай жоромол жасоого Украинанын Иракка аскердик жабдууларды сатканы тууралуу жаңы маалыматтардын пайда болгону негиз берүүдө. АКШнын Киевдеги элчиси Карлос Паскуалдын айтымында, келечекте өз ара ишенимди жана мамилени оңдоонун жолдору да бар.

Өткөн аптада британдык “Таймс” гезити аты аталбаган америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме берип, Украина Иракка понтон же башкача айтканда сууда калкып туруучу көпүрө саткандыгы жөнүндө жазып чыккан эле. Понтон көпүрөлөрү көбүнесе армияда пайдаланылат. Буга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Вашингтондогу басма сөз жыйынында, азырынча жогорудагыдай маалыматты ырастай албасын, бирок ал иликтенип жатканына токтолуп, “Иракка аскердик жабдууларды берүү - Улуттар Уюмунун санкцияларын бузгандык. Биз буларды иликтеп жатабыз. Бизде Европадагы жана Азиядагы бир катар өкмөттөр менен өзөктүк курал-жаракты таратпоо жаатында бекем өнөктөштүк бар. Украинага байланышкан окуяда да биз ушул макулдашууларга ылайык иштөөдөбүз. Биз аталган маселени, маалыматты иликтеп, текшерүүгө милдеттүүбүз", - деп билдирди.

«Таймс» гезитиндеги макаладан соң Украинанын тышкы иштер министри Анатолий Зленко понтон көпүрөсү экспорттолгонун ырастады. Бирок, украин тышкы иштер министринин айтымында, Украина эч качан мындай жабдууну түздөн-түз Иракка саткан эмес. Андыктан, Иракта понтон көпүрөсү болсо - украин өкмөтү ага жооп бере албайт.

Айтор, АКШ менен Украинанын алакасы ансыз деле солгундап кеткен кезде билинген жогорудагы окуя, эки өлкөнүн мамилесин дагы татаалдантышы мүмкүн. Вашингтон буга чейин Киевди Улуттар Уюмунун санкцияларын эсепке албай, Иракка «Кольчуга» үлгүсүндөгү радардык системаны сатканы, ал турсун бул соодага прездент Леонид Кучма өзү көрсөтмө бергени үчүн айыптап жүргөнү белгилүү.

«Кольчуганын» чатагынан улам АКШ Украинага каржылык жардам берүүнү токтоткон жана Киевге карата саясатын кайра караштырууда. Жакында АКШнын Украинадагы элчиси Карлос Паскуал Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда өткөн жыйында, «Кольчуга» радардык жабдуусунун Иракка сатылышы - соңку кездери эки өлкөнүн алакасына көлөкө түшүргөн маселелердин бирөө эле экенин белгилеп, «мен АКШ менен Украинанын мамилесин, Украина көз карандысыздык алгандан бери эле өтө татаал деп мүнөздөйт элем. Ишеним бузулду. Колдонулбай калган мүмкүнчүлүктөр болду. Ал эми кээ бир окуялар эки тараптуу мамиленин келечегине таптакыр каршы келүүдө", - деди.

АКШнын элчисинин айтымында, акыркы эки жылда оппозициячыл журналист Георгий Гонгадзенин өлтүрлүшүнө президент Кучманын да катышы бар экенин көргөзгөн аудиотасмалардын жарыяланышы, украин бийликтеринин жергиликтүү маалымат каражаттарын кысмакка алган саясаты, берген убадасына турбай Македонияга тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан кезде ири өлчөмдө курал-жарак сатканы да эки тараптуу мамиленин солгундашына өбөлгө болду. Анткен менен элчи Карлос Паскуал белгилегендей, Вашингтондун сынын Украинада башкача түшүнгөндөр да жок эмес. Маселен, жергиликтүү калктын көпчүлүгү АКШ Кучманы бийликтен кулатып, анын ордунда мурдагы премьер-министр Виктор Ющенко сыяктуу саясатчылардын бирин алып келүүнү көздөп жатат деген ишениминде.

"Бул жаңылыштык. Кошмо Штаттар Украинанын саясатына таасир көргөзүүгө же аны өзгөртүүгө умтулбайт. Биздин максат менен үмүт - украиналыктар каалаган лидерин тандап алышына мүмкүндүк берген ачык жана адилет шайлоо жараянын колдоо. Бирок, жетекчилик жөнүндө чечим кабыл алуу биздин иш эмес", - дейт АКШнын Украинадагы элчиси Карлос Паскуал.

Элчи Карлос Паскуал белгилегендей, АКШ адегенде Украина Европа Биримдиги менен НАТОго бир учурда кире алат деп ойлогон. Бирок, азыр өлкө жетекчилиги ишенимден чыккандыктан, АКШ Украинаны сыналган өнөктөш катары карабай калды.

Ал эми Британиянын Коргонуу академиясынын аналитиги Жеймс Шеррдин пикиринде, Европа Биримдигинин соңку кездердеги саясаты да Украинаны Батышка жакындашуу ниетинен баш тарттырып, анын кайра Орусияга ыкташын шарттады. Ушундан улам, алдыда АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрү Украина менен аскерий алакасын токтотпогону ылайык. Анын үстүнө, буга чейин НАТОнун жардамы менен украин армиясында бир топ реформа жасалды.

АКШнын Украинадагы элчиси Карлос Паскуалдын пикиринде да, келечекте эки өлкөнүн ортосундагы ишенимди жана мамилени калыбына келтирүүнүн жолдору бар.

Бул үчүн, биринчиден, эки тарап «Кольчуга» маселеси боюнча мунасага жетпеген күндө да, биргелешип иштешсе Украинанын экспортуна көзөмөлдү күчөтө алат.

Экинчиден, АКШ украин өкмөтү менен министрлер деңгээлиндеги тыгыз кызматташтыкка, украин парламенти менен АКШ Конгрессинин ортосунда байланыш түзүүүгө муктаж.

Үчүнчүдөн, Вашингтон Украинада жарандык коомдун өнүгүшүнө жардам бериши абзел. Украин бийликтери да демократиялык оппозициянын, көз карандысыз маалымат каражаттарынын ролун таанып, алардын иштешине жол бериши керек.

Төртүнчүдөн, аскердик кызматташтык улантылганы ылайык. АКШнын элчиси белгилегендей, эгер Украина НАТОго кирүүнү көздөсө, уюмдун былтыр ноябрь айында болгон саммитинде кабыл алынган аракеттер планын аткарганы оң. Ал эми өз кезегинде АКШ, Украинанын НАТО, Европа Биримдиги, ВТО өңдүү батыш институттарына кошулушуна жардам берүүгө милдеткер.
XS
SM
MD
LG