Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ: КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мамлекет башчысынын жардыгы менен түзүлгөн эксперттик топ Конституциялык кеңеш иштеп чыккан жана жалпы элдик талкуу учурунда түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыкты. Буга байланыштуу мамлекет башчысы Аскар Акаев дүйшөмбү күнү жалпы элге кайрылган сөзүндө аталган долбоорду жогору баалап,аны шериктеш өлкөлөрдүн тарыхындагы эң жакшы конституция деп атады. Ал эми өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкан учурда президент эксперттик топ Конститутуциялык кеңеш иштеп чыккан долбоордун бир да пунктун өзгөртпөгөндүгүн, Конституциялык кеңешмеде айтылган сунуштар толугу менен жаңы редакцияга киргизилгендигин билдирди.

Мамлекет башчысынын жогорудагыдай билдирүүсү менен Конституциялык кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү макул боло беришкен жок. Алардын пикиринде, эксперттер тобу Негизги мыйзамга аткаруу бийлиги каалагандай олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Маселен, Конституциялык кенеш иштеп чыккан долбоорго кандайча өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу Конституциялык кенештин төрагасынын орун басаары, парламенттин туруктуу палатасынын өкүлү Өмүрбек Текебаев мындайча пикирин билдирди:
«Президент өзүнүн сөзүндө «биз Конституциялык кеңеш менен макулдаштык. Кеңештин сунушу сакталды дейт». Тескерисинче,эксперттик топ башкы идеалардын баарын бузуп, бурмалаган. Биринчи, Конституциялык кеңеш өкмөт президенттен көз-каранды эмес болсун деген. Ал эми жаңы долбоор боюнча өкмөт мүчөлөрүн президент өзү кызматка коюп, өзү кызматтан алат».

Ошондой эле жаңы даярдалган долбоордо өкмөткө өзгөчө укуктар берилген. Маселен, жаңы мыйзамдын 73-беренесинде Кыргыз өкмөтүнө республикадагы тариф, инвестиция жана салык, баа, саясатын жүргүзүүгө укук бергилгендигин Текебаев мындайча баалады: «Өкмөткө мындай укук берүү карышкырга кой кайтартат деген эле сөз. Экономика өнүкпөй, бюджет азайып, мамлекет ички же сырткы карызын төлөй албай жатканда улам салыкты көтөрөт. Буга чейин өкмөт жылына бир-эки жолу салыкты көтөрөбүз деп Жогорку Кеңешке келүүчү. Мындан кийин өкмөт салыкты өз алдынча көтөрүп, ички, тышкы карыздарды төлөп, улуттук экономиканы дагы төмөндөтөт».

Мындан сырткарыКонституциянын жаңы редакциясында келечектеги бир палаталуу парламенттен республикадагы саясий партияларга бир дагы орун берилген эмес. Долбоордун 54-беренесинде: «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши 75 депутаттан турат жана алар бир мандаттуу шайлоо округдарынан беш жылга шайланат»,- деп жазылган. Мындай көрүнүштү «Биримдик партиясынын» аткаруу кеңешинин башчысы,ошол эле палатанын депутаты Карыпбек Алымкулов демократиялык өнүгүүдөн артка кеткен кадам катары баалады. «Партиялык тизмени шайлоодон алып салуу, саясий мааниде эки кадам артка кеткендик катары саналат. Мындай көрүнүш өз мезгилинде тарайбализм, регионализмдин өнүгүшүнө шарт түзөт»,-дейт Карыпбек Алымкулов.

Ошондой эле жаңы долбоордо Конституциялык соттун ыйгарым укуктары кескин кыскартылган. Эски конституцияда аталган сотко мамлекеттин ар бир жараны кайрылууга укуктуу болсо, эми Конституциялык сотко мамлекеттик төрт орган,тактап айтканда, Жогорку кенеш, өкмөт, президент жана Борбордук шайлоо комиссиясы гана кайрыла алат. Депутат Текебаевдин пикиринде, аткаруу бийлиги Конституциялык соттун укугун атайлап чектеди. Анткени 2-февралга чейин Конституциялык сот кыргыз-кытай чек-ара маселесин кароого үлгүрбөйт. Ал эми референдум өткөндөн кийин Конституциялык сотко ар бир эле депутаттын кайрылууга укугу болбой калат. Мыйзамга ылайык Жогорку кенештин атынан кайрылуу үчүн палатанын колдоосу талап кылынат.Ошентип, керектүү добушту оппозициялык маанайдагы депутаттар топтой албайт, деп эсептейт Текебаев.

Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын 53-беренесинде экс-президентке өзгөчө кол тийбестик укук берилген. Ошондой эле экс-президент, анын жубайы, бойго жете элек балдары жана анын багуусундагы башка үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин эсебинен камсыз кылына турганы жазылган. Буга карата туруктуу палатанын депутаты Бейшебек Акунов экс-президентти бийликтен түшкөндөн кийин мамлекеттин эсебинен каражылоого каршы эмес, бирок анын үй-бүлөсүнүн да мындай камкордукка алынышын караманча туура эмес деп эсептейт.

Акырында эске сала кетели: президент 13-январдагы жардыгы менен жалпы элдик референдумду 2-февралга белгиледи.
XS
SM
MD
LG