Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

ЧЕХИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ШАРШЕМБИДЕ БАШТАЛАТ


Шаршембиде чех парламентинин кош палатасы биргелешкен жыйынында өлкөнүн жаңы президентин шайлайт. Байкоочулар бул күнкү жыйын натыйжасыз аякташы мүмкүн экенин айтышууда. Анткени президенттик кызмат үчүн ат салышкан 4 талапкердин арасынан депутаттардын басымдуу добушуна арзыйт деп кимдир-бирөөнү алдын-ала аташ өтө татаал.

Мурдагы Чехословакиядагы коммунисттик режим учурунда беш жылдай түрмөдө отуруп чыккан экс-диссидент Вацлав Гавел 89-жылдан бери өлкө президенти болуп 4 жолу шайланды. Анын мамлекет башындагы акыркы беш жылдык кызмат мөөнөтү 3-февралда аяктайт. 15-январда чех парламентинин кош палатасы биргелешкен жыйынында, салтка айлангандай, атактуу чех композитору Бедржих Сметананын «Либушек» операсынын салтанаттуу обону астында кийинки мамлекет башчыны шайлоо ишин баштайт.

Азырынча, бирок, Чехиянын келерки президенти болууга татыктуу деп көрсөтүлгөн 4 талапкердин арасынан кимиси алдыга суурулуп чыгаарын болжош кыйын. Алар - өзү жетектеген Жарандык-Демократиялык партия сүрөп-колдогон Чехиянын мурдагы премьер-министри Вацлав Клаус, чех парламентинин жогорку палатасынын, же Сенаттын төрагасы Петр Питхарт, социал-демократттардын атынан премьер-министрдин орун басары Ярослав Буреш жана коммунисттер көрсөткөн адвокат Мирослав Криженецки. Эң башында аталган Вацлав Клаустан башкасынын баары, убагында Чехословакиянын коммунисттик партиясына мүчө болушкан. Прагалык популярдуу «Лидове новины» гезитинин саясий серепчиси Петрушка Шустрова талапкерлердин коммунисттик тажрыйбасы добуш берүүнү татаалдаштырганын белгилейт.
«Бул өтө маанилүү, символикалык көрүнүш. Коммунисттерден запкы жеген диссидент Вацлав Гавелдин ордун эми кайра экс-коммунист басса, чех коомчулугу, жок дегенде анын бир бөлүгү бул жаңылыкты таңгалуу жана өкүнүч менен кабыл алаары шексиз. Бирок, мисалы Ярослав Буреш менен Петр Питхарттын коммунисттик жолун салыштырып болбойт», - дейт Прагалык журналист Шустрова.

Анын айтымында, Сенаттын төрагасы Питхарт коммунисттик партияга тээ 60-жылдары өткөн, ал эми 1968-жылы советтик армия Прагага басып киргенде, ага каршылык билдирип, дароо компартиядан чыгып кеткен. Ал эми вице-премьер-министр Буреш компартияга 80-жылдары өтүп, саясий активдүүлүгүн анын алдыңкы катарында күчөткөн. Прагалык эксперттердин көбү парламенттеги добуш берүүдө төмөнкү палата – такшалган саясатчы Вацлав Клауска, ал эми жогорку палата – Сенат - өз жетекчиси Петр Питхартка ишенич көрсөтүшү мүмкүн деп боолгошот. Ошентсе да, төмөнкү палатадагы 200 депутаттын 101и, же Сенаттагы 81 мыйзамчынын 41и кайсы бир талапкерге артыкчылык берип ийээри күмөн жаратууда. Албетте, парламент төрагасы жана бир эмес, эки партия көрсөткөн талапкер катары Питхарттын абалы башкалардыкынан оңтойлуу болушу ыктымал. Байкоочулар, бирок, парламенттеги бир партия мүчөлөрү, керек болсо, ар башка адамга добуш берээрин, мындан беш жыл илгери азыркы чех президенти Гавел 2-айлампада бир гана добуш артыкчылык алып, шайланганын эске салышат. Коммунисттик партияга эч убакта мүчө болбогон, карапайым чехтер арасында кадыры күч Вацлав Клаусту эксперттер Чехиянын экс-премьери Милош Земанга окшош, кежир жана катаал саясатчы катары мүнөздөшөт. Айтор, байкоочулардын баамында, чех парламентиндеги президенттик шайлоонун алгачкы этабы жыйынтыксыз аякташы толук ыктымал. Андай болсо, 2-айлампа дароо ошол күнү өтөбү, же эки апталык тыныгуудан кийин болобу, бул да белгисиз. Эгерде 2-айлампада да талапкерлердин эч кимиси депутаттардын көпчүлүк добушун ала албай калса, анда президенттикке кайра жаңы талапкерлер көрсөтүлөт. Айрым саясатчылар «андай болсо, Чехиянын Конституциясын өзгөртүп, президентти жалпы эл шайласын» деген жобо киргизүүнү сунуш кылууда. Эгерде президенттик шайлоо февралга чейин аяктабай, узарып кетсе, Гавел кызматынан кетет да, анын милдетин чех премьери жана парламент төрагасы бөлүшүп аткара беришет.

Чехиядагы президенттик шайлоо кампаниясы жаңжалдуу окуялардан куру калган жок. Айтсак, президенттикке талапкер болуп катталган Чехиянын Омбудсманы жана мурдагы юстиция министри Отокар Мотейл мындан 2 жыл мурун жолдо баратып, жөө кишини машинеси менен коюп кетип өлтүрүп алганы үчүн сот жообуна тартылганы ачыкка чыккандан кийин гана, кылган ишин мойнуна алып, талапкерлигин алып салууга аргасыз болду. Ушул эле сыяктуу адам өлүмүнө алып келген автокырсык социал-демократтардын талапкери Бурештин да башынан өткөн экен, бирок аны сот күнөөсүз деп тапканы сактап калды. Чех парламентиндеги көпчүлүк мандаттарга ээ болгон социал-демократтар президенттик шайлоодо башкы ролду ойноору шексиз. Андыктан, алар саясий оюндарга от тамызып, 2-турга чыгаары болжолдонуп жаткан Клаус менен Питхарттын кимисине колдоо көрсөтөөрүн ачык айтпай жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG