Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕР САЛЫГЫ МУРДАГЫ БОЙДОН КАЛДЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Айыл чарбасы Кыргызстандын ички дүң продуктусунун үчтөн бирин берет. Ал эми жер салыгы болсо салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүнүн 5% жетпейт. Муну адилетсиз деп эсептеген өкмөт жыл сайын Жогорку Кеңешке жер салыгынын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу сунуш киргизет. Көпчүлүгүн айыл жеринен шайланып келген депутаттар түзгөн Жогорку Кеңеш адатта буга каршы. Өкмөттүн жер салыгын көтөрүү тууралуу демилгеси быйыл да ишке ашпай калды.

Жер салыгын көтөрүш үчүн өкмөт өткөн жылдын 26-ноябрында токтом кабыл алып, анын жаңы өлчөмдөрүн бекитип берүүнү өтүнүп, Мыйзам чыгаруу жыйынына кат жөнөткөн. Анда сугат жерге салынуучу салыктын базалык өлчөмүн азыркы 315 сомдон 341 сомго, башкача айтканда 26 сомго көтөрүү тууралуу сунуш киргизилген. Кайрак жерге салык болсо, тескерисинче, 1,4 сомго азайыш керек болчу. Бул орто эсеп менен алганда. Айрым райондордо сугат жерге салыктын көтөрүлүшү дыйкандар үчүн сезилерлик эле деңгээлде болот болчу. Мисалы, Аксы жана Алабука райондорунда салыктын өлчөмү 102 сомго көбөймөк. Жылбас мүлктү мамлекеттик каттоо агентствосунун башкармалыгын башчысы Аскар Момбековдун бизге берген маалыматына караганда, Жогорку Кеңеш бул сунушту колдобой койду.

- Жогорку Кеңеш 2003-жылы жер салыгынын өлчөмү 2002-жылдын деңгээлинде калат деп чечим чыгарды. Быйыл салык көбөйбөйт, - деди Аскар Момбеков.

Чындыгында Мыйзам чыгаруу жыйынынын Бөрүбай Жураев жетектеген айыл чарба комитети салыкты көтөрүүгө макул болгон. Бирок Акылбек Жапаров жетектеген салык, бажы жана башка төлөмдөр комитети ага каршы чыгып, жер салыгынын жаңы өлчөмдөрү ишке кирбей калды.

Кыргызстанда 800 миң гектардан ашык сугат жана 300 миң гектардын тегерегинде кайрак жер бар. Анын басымдуу көпчүлүгү азыр дыйкан чарбаларына тиешелүү. Өкмөттүн расмий чечмелөөсүндө мурдагы колхоз-совхоздордун жерлеринин дыйкандардын жеке менчигине таратылып берилиши айыл чарбасынын ийгиликтүү өсүп-өнүгүшүнө шарт түздү деп эсептелет. Статистикалык маалыматтарга караганда айыл чарбасы 1996-жылдан тартып дүң продукцияны 2 эсе көбөйтүп, ал азыр өлкөнүн ички дүң продуктусунун үчтөн бирин берет. Бирок андан түшкөн салык жалпы салыктын 5% жетпейт. Ошондуктан өкмөт жана эл аралык финансы уюмдары адилеттүүлүк үчүн салыктын өлчөмүн көтөрүү зарыл деп эсептешет. Быйыл ушул максатта айыл чарба продукцияларына 20% кошулган наркка салык киргизилип жатат.

Айыл чарбасы бүткүл дүйнө жүзүндө дотациялуу тармак болуп саналат. Кыргызстандын калкынын басымдуу көпчүлүгү айыл жеринде жашагандыктан, ошого жараша депутаттардын көпчүлүгү да айылдан шайлангандыктан өкмөттүн жер салыгынын өлчөмүн көтөрүү демилгеси ар дайым депутаттардын күчтүү каршылыгына учурап келет. Жер салыгын көтөрүүгө каршы депутаттар айыл чарбасы бүткүл дүйнө жүзүндө дотациялуу тармак экенин, Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын көбөйүп жатышы кагаз жүзүндө гана болуп жаткандыгын, иш жүзүндө дыйкандардын көбүнүн кирешеси кеткен чыгымдарды да актабай жаткандыгын айтышат.

Жер салыгы кирип жатканда ар бир жердин топурагына жана жайгашкан жерине жараша салыктын өлчөмү айырмалуу боло тургандыгы айтылган. Жылбас мүлктү каттоо агентствосунан алынган маалыматтарга караганда, бул иш акырына чыга элек. Таштак жерге да, семиз жерге да бирдей салык салынат. Жогорку Кеңеш райондор боюнча гана жер салыгынын базалык өлчөмдөрүн бекитип берет. Аны айыл өкмөттөрү жана анын ичинде дыйкан чарбалары боюнча жердин сапатына жараша дифференциялоо, жылбас мүлктү каттоо агентствосунун башкармалыгынын башчысы Аскар Момбековдун айтымында, акчанын жоктугунан ишке ашпай келет.

- Ар бир жер аянтынын салык өлчөмдөрүн эсептеп чыгыш үчүн балл банитетин такташ керек. Бул акчага байланыштуу маселе. Эгерде айыл өкмөттөрү каражат таап, бул ишти жасайм десе, каршылык жок, - дейт ал.

Кыргызстанда азыр жер рыногу күчүнө кирди. Жер соодасы азырынча көп болбой, бул боюнча жетишерлик тажрыйба топтоло элек. Бирок ошол анча-мынча соода деле жердин баасы анын сапатына жараша бир эле айыл өкмөттүн аймагында кескин айырмаланаарын көрсөтүп жатат. Бардык жерге бирдей салык төлөө, азыр салык аз кезде, анчалык деле өөн учурап, каршылык жарата элек. Бирок кийин салык көбөйгөндө анын бирдей болушу нараазычылык туудурбай койбойт.
XS
SM
MD
LG