Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш шейшемби күнү Түндүк Кореяга жаңы шарт койду. Пхеньян атомдук программасын токтотсо,Буштун сөздөрү боюнча, түндүккореялыктарга отун жана азык-түлүк жагынан каралашуу маселесин Вашингтон кайра карап көрүшү ыктымал. Пхеньян бийликтери болсо ошол эле күнү Кошмо Штаттарынан тикелей сүйлөшүүлөрдү талап кылып, азыркы кризистин жоопкерчилигин кайрадан Вашингтонго жүктөдү.

Шаршемби күнү Пекинде АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келли Кытайдын тышкы иштер министринин орунбасары Ли Чжаосин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Вашингтондук дипломат Кытайды Түндүк Кореяга кысым көрсөткөнгө көндүрүү үчүн келди. Андан бир күн мурда ырасмий Пекин Вашингтонду Пхеньян менен сүйлөшүү үстөлүнө отурганга чакырып,тараптарга ортомчу болуп бергенге даяр экендигин билдирген эле. Ал эми Сеулдун өкүлдөрү билдирген маалыматтар боюнча, эки корей өлкөсү эмдиги аптада жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатышат. Жолугушуу каерде жана кандай составда болору азырынча айтылган жок. Бул учурда Москва да өзүнүн атайын өкүлүн Пхеньянга аттандырганы жаткандыгын маалымдады. Тышкы иштер министринин орунбасары Александр Лосюков эки корей өлкөсүндө болот, андан соң Пекинге жана Вашингтонго барат. Айрым кабарларда орус дипломаты аталган саясий борборлордо Москванын бир катар сунуштарын ортого салганы жатканы айтылат, бирок алардын конкреттүү мазмуну азырынча белгисиз.

Пхеньянда болсо азыр Австралиянын дипломатиялык делегациясы жүрөт. Канберранын дипломатиялык “десанты”, делегация башчысы Мюррей Маклейндин сөздөрү боюнча, Пхеньянга азыркы атомдук кризиске байланыштуу Батыштын катаң пикирлерин билдиргени келген. Аталган региондо Австралиянын Кытай, Япония жана Түштүк Корея өңдүү үч соода өнөктөрү бар экендигин белгилеп, канберралык дипломат эгер Корей жарым аралы атомдук куралга шыкалып калса, бүт регион олуттуу бүлгүнгө түшөрүн, буга чейин жасалган иштердин баары ойрон болорун эскертти. Ошондуктан австралиялык дипломаттар кризистин чечилишине көмөктөшкүсү келет. Бирок Маклейн саясий “бокчосунда” конкреттүү кандай сунуштар бар экенин айткан жок, Пхеньянда алар кандай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кимдер менен жолукканы туурасында азырынча кең-кесири маалыматтар түшө элек.

Австралиялык дипломаттар менен удаа Пхеньянга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын атайын чабарманы Мориз Стронг да келип түшкөн эле. ООНдун чабарманын баарыдан мурда Түндүк Кореядагы гуманитардык кырдаал кызыктырат,бул жагынан аларга эл аралык коомчулуктан кандай жардамдар керектигин тактап,пхеньяндык өкүлдөрдүн ой-пикирлерин уккусу келет.

Эки корей өлкөсүнүн ортосундагы коопсуздук тилкесинде жайгашкан америкалык аскерлер ырастаган маалыматтарга караганда,түндүккореялык куралдуу күчтөрдүн соңку күндөрү активдеше баштаганы байкалды. Айтмакчы,Түндүк Кореянын аскер контингенти, айрым эсептер боюнча,бир миллион 100 миңден ашат.Саны жагынан ал дүйнөдө Кытайдан,Кошмо Штаттарынан жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турат дешет. Деген менен Түндүк Корея баарыдан мурда өзүнүн атомдук программасы менен кооптондурууда. Эксперттердин эсептеринде,коммунисттик режимдин өнүккөн ракеталык технологиялары бар. Аларды жыл сайын Пхеньян бир катар өлкөлөргө,алардын ичинде Пакистанга,Иранга,Египетке,Сирияга,Йеменге,Ливияга экспорттоп турат. Ядролук куралдарды таркатпоо жөнүндөгү келишимге Түндүк Корея биринчи ирет 1985-жылы кошулуп,1993-жылы кайра чыгып кеткен. Бир жылдан соң Кошмо Штаттары менен атайын келишимге кол койгондо, Вашингтондун кысымы менен келишимге экинчи жолу кошулган. Өткөн жумада Пхеньян кайрадан аталган келишимдин шарттарын сактагандан баш тартты. Түндүк Кореядагы режимдин жоопкерчиликсиз мүнөзүн эске алып, президент Жорж Буш былтыр февралда аны азыркы дүйнөдөгү “балакеттин үчилтигине” кошкон эле. Өткөн жылдын этегинен тартып “балакеттин” Корей жарым аралындагы бул “вулканы” ойгонуп,эми аны басканы Вашингтон дипломатиялык күч үрөп жатат.
XS
SM
MD
LG