Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

ЧЕЧЕНСТАНДА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮЛӨТ


Муса Мураталиев,Москва Бир айдан кийин Чечен жумуриятында жаңы Конституция кабыл алуу боюнча референдум өткөрүлгөн жатат. Расмий Москва бул иш-чараны аймакта бейпилдикти жана стабилдүүлүктү биротоло орнотууга алып келчү кадам катары кароодо.

Азыркы тушта Чеченстан (Ичкерия) дегенде, ал элде жүрүп жаткан түгөнбөс согуш кошо эске түшөт. Москва таңуулаган ал согуштан эки тарап тең жабыркоодо. Көтөрүлүш чыгарган чечендер, алардын көтөрүлүшүн басабыз деген федералдык күчтөрдүн кырчындай жапжаш жарандары өлүмгө дуушар болуп атышат. Мына ушундай аягы көзгө илээшпеген согуш жүрүп жатса, Москва Ичкерия өлкөсүндө таңуулап референдум өткөргөнү жатат. Анын артынан Масхадовдон башка президентти шайлоо аракети ишке ашканы турат.
Бул учурду «чечен элинин тарыхый кези» деп, чиновниктер референдумга катуу даярдык көрө баштады. Алар март айынын акырында Чечен Жумуриятынын Конституциясын кабыл алдырганы жатышат.
Бул күндөрү болочокто добуш берүүчүлөр, арасынан 12500 кол топтошкон. Анча кол компанияны башташ үчүн жетишерлик колдоо болот деп, жумурияттын шайлоо комитети референдумду март айынын 23 күнү өтсүн деген чечим чыгарды. Ал күнү жумурияттын 450 миң добуш берүүчүлөрү Конституцияны кабыл алуу керек же керек эместиги тууралуу маселени чечишет.
Ичкериянын өкмөт башчысы Михаил Бабич:

- Биз жер-жерлерде бул ишти так өткөрүүгө жетишерлик шарт түзүп беришибиз керек. Эл келип добуш берүүчү участкаларга электр жарыгын, суу, жылуулук берип, аларды техникалык жактан жабдып, алардын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек.

Азыр Ичкерияда кызмат өтөп жаткан 38 миңге чукул федералдык аскерлердин чечен элине катар добуш бериши да Москванын дымагына караан боло турган фактор болмокчу.
Баса, бул күндөрү, Грозныйга канчалаган акча каражаты федералдык чөнтөктөн кетип атканда, бир нече жыл мурда чечен кызы Кунгаеваны зордуктап туруп көзүн тазалап салган полковник Будановдун соту акырына чыгып, полковникти «акылы ордунда эмес» деген аныктама менен абактан бошотуу өкүмү чыкты.
Ал өкүм туурасында көтөрүлүшчүлөр тараптагы эски бийлик өкүлү Ахмед Закаевдин ою мындай:

- Буданов – Орусиянын баатыры, аны бийлик аял экенине же эркек экенине карабай чечендерди кырууга аттандырган. Ал эми орусиялык мыйзам эрежеси боюнча Буданов жасаган жорук эрдик көргөзгөн болуп эсептелет.

Мына ушул мисалдан көрүнүп тургандай, азыр эки чындык - Ичкерияда көтөрүлүш чыгаргандардын чындыгы жана Кремль кожоюнун колдоого алгандардын чындыгы пайда болду. Ошол себептүү мындан бир нече апта мурда, кантсе да федералдык күч менен күрөшүп жаткандар, эки машине менен жардыргыч зат ташып келип, Грозный калаасында жаңы курулган өкмөт үйүнүн алдына жардырып, ал имаратты талкалап салышкан.
Андан кийинки учурда деле күн сайын болбосо да күн алыс федералдык күчкө кол салуулар болуп атат. Мындай көрүнүш көтөрүлүшкө чыккан тараптын мизи кайта электигинен жана алардын мүдөөсү аткарыла электигинен кабар берет.
Орусиянын Борбордук шайлоо комитетинин төрагасы Александр Вишняковдун айтымында, Чечен Республикасынын шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүдө коротулчу 50 миллиондой рублдик смета түзүп жиберди. Ал акча Чечен жумуриятынын шайлоо комиссиясынын эсебине 20-январдан кечикпей барып калышы керек.
Кандай болгон күндө да согуш жүрүп жаткан жумурияттын эли октон башын кантип калкалаарды билбей жатканда өткөрүлө турган референдум жөнүндө жергиликтүү калайыктын ою бир беткей эмес. Ал эми Конституция кабыл алынгандан кийин үч ай өткөн соң Чечен Республикасында президенттик шайлоо болот. Анда Орусиянын курамында кала берүүнү жактагандардын бийлигинин жетекчиси болуп ким шайланаары тууралуу суроого жооп табылууга тийиш.
XS
SM
MD
LG