Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Таласта «Теңир Ордо» фондусунун областтык бөлүмү түзүлдү


Уюштуруу жыйыны өтөр алдында фонддун негиздөөчүсү Дастан Сарыгуловду жана фонддун Бакай Кеңешинин мүчөлөрүн областтын губернатору Искендер Айдаралиев кабыл алды. Жолугушууда Дастан Сарыгулов «Теңир Ордо» фонду өз ишмердүүлүгүн эч бир саясий партия менен байланыштырбай тургандыгын, анын максаты - кыргыз улутунун дөөлөттөрүн сактоо жана улантуу экендигин айтты. Областтык жыйын Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектепте өттү. Жыйын соңунда фонддун 23 адамдан турган областтык кеңеши түзүлүп, анын жетекчиси болуп жарандык коомдун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүчү «Айкөл» борборунун менеджери Гүлмира Темирбекова шайланды.

XS
SM
MD
LG