Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР МЕНЕН КООМДУК УЮМДАРДЫН ЖЫЙЫНЫ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫНЫН ДОЛБООРУН СЫНГА АЛДЫ


15-январда Бишкекте саясий партиялар менен коомдук уюм өкүлдөрүнүн “тегерек үстөл” жыйыны өттү. Анын катышуучулары президент Акаевдин жардыгына ылайык 2-февралга белгиленген референдум өлкөнүн башмыйзамына кайчы келерин белгилешип, аны өткөрүүнү кийинкиге калтыруу талабын коюшту.

“Тегерек үстөл» жыйынын чакыруу демилгесин көтөргөн депутат Исмаил Исаков Конституциялык кеңешмеде макулдашылган башмыйзамдын алымча-кошумчаларынын эксперттик топтун оңдоосунан кийин референдумга коюлушу туура эместигин белгилеп, эмне кылуу керектиги тууралуу оюн мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиси, биз референдум мөөнөтүн кийинкиге калтыруу аракетин жасашыбыз зарыл, буга жөндүү себеп бар. Референдум тууралуу конституциялык мыйзам кабыл алына элек. Экинчиси, саясий партиялардын атынан Конституциялык сотко кайрылып, референдумдун антиконституциялык экенин далилдөө керек. Партиялардын атынан Жогорку Кеңешке да кайрылуу зарыл.

Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун болсо бийлик оппозиция арасында ичара түшүнүүчүлүк жоктугун ыктуу пайдаланып жатканын айтты. Ага “Эл” партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов жооп кайырды:

- Турсунбек Акундун алдында актангым келбейт. Аксы алааматынан кийин Өмүрбек Текебаев экөөбүз бийлик менен ымалага келүү ниетинде конституциялык кеңешме түзүүнү сунуштаганбыз. Бирок конституциялык кеңешменин соңку отурумунда Башмыйзамдын акыркы редакциясын көрүп айласыз абалда калдык. Өзүмүн нааразы экеними президент Акаев менен жолугушканда да айттым. «Мындай ыкма, мындай жол менен, кудай сактасын дейли, бир Бекназаровдун ордуна 30 Бекназаровду, парламенттик тынч шайлоонун ордуна 75 Каракулжаны каршы чыгарып алышыңыз ыктымал», дедим. Биз жакшы болсун деген элек, жыйынтыгы андай чыкпады.

«Атамекен» партиясынын жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев да жарнакташтарынын алдында саясий баеолукка жетеленип, аткаруу бийлигине ишенгенин мойнуна алаарын айтты. «Сезим» кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова, балким, партиялык тизме менен шайланган депутаттарга кайрылуу жөндүүдүр? деген суроону койду.
Парламент депутаты Оксана Малеваная:

- Кыргызстанда референдумдардын кандай өтөрүн көрүп калбадыкбы. Бул референдумда жарандардын Конституциялык сотко кайрылуу укугу алынып салынууда. Жаңы редакция долбоору боюнча, Конституциялык сотко президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жана Боршайлооком гана кайрыла алат. Өкмөт жетекчилеринин бири Курманбек Осмонов айтып аткан элдин өкүлдөрүнүн бир-экөөн мен да көргүм келет. Алар «карапайым адамдар Конституциялык сотко арызданышпасын» деп кантип сунуш киргизгенин өздөрүнөн угат элем.

«Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев Конституциялык кеңешмеде макулдашылган долбоордун текстин эксперттик топ кайра толук жазып чыкканына токтолуп, соңку текстке Конституциялык кеңешменин тийешеси жок деп билдирди. «Партияны баткакка түртүп салышты,- дейт Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Виктор Черноморец.- Бийлик партияларды тооткусу, билгиси келбейт, бирок эл партиянын баркын түшүнөт».

Жыйын катышуучулары билдирүү кабыл алышты. Анда референдумду өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу талабы коюлган. Саясий партиялардын өкүлдөрүнүн пикиринде, плебисциттин мөөнөтүн кечеңдетүүгө референдум тууралуу конституциялык мыйзамдын азырынча кабыл алына электиги негиз берет. Оппозиция 1996-жылдын 16-февралындагы, 1998-жылдын 21-октябрындагы жана 2001-жылдын 24-декабрындагы референдумдар конституциялык мыйзам жок кырдаалда, президенттик жардыкка гана ылайык өткөрүлгөнүн белгилөөдө.
XS
SM
MD
LG