Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:24

Түрк акыны, атеист жана укук коргоочу Шанар Йурдатапан мусулман диниятчы менен автордошуп китеп жазды


Түркия - Ататүрктүн доорунан бери секулярдык өлкө. Бирок бул өлкөдө динчилер да, атеисттер да нечен ирет запкы запкы чеккен учурлар болду. Жаңы кылым өлкө үчүн мурда түшкө кирбеген саамалыктарын берүүдө. Бийликке келген исламчы партиянын азыркы Анкарадагыдай батышчыл саясат жүргүзөөрүн күттүңүз беле? Дагы бир кызык окуя - жакында таанымал түрк акыны, атеист жана укук коргоочу Шанар Йурдатапан белгилүү мусулман диниятчы менен автордошуп китеп жазды.

Түркиядагы таанымал ырчы айым – Мелике Демираг. Сиздер анын “Аркадаш” деген ырын угуп көрдүңүздөр беле? Алгачкы жолу Мелике Демираг был ырды 1975-жылы аткарган болчу. Түрк музыка адиси жана кесиптешибиз Мурат Адем Йылмам азыр да Анатолияда эл сүйүп уккан бул ырдын автору жана аткаруучусу жөнүндө бизге мындай дейт:

- Мелике Демираг акын Шанар Йурдатапандын экинчи жубайы болчу. Ал экөө ажыраша элек кезинде Шанар Йурдатапан жазган “Аркадаш” – “Дос” деген ырды Мелике Демираг аткарып чыкты. Узак жылдардан бери бул чыгарма кишилердин дилинен түшпөгөн бир ыр болуп келет.

Бул макалада, бирок, ушул ырды аткаруучу жөнүндө эмес, аны жазган акын жөнүндө кеп козгомокчубуз. Акын Шанар Йурдатапан азыр 62 жашта. Аны Түркияда билбеген киши жок. Айрымдары аны өз оюн ачык айтуудан тартынбаган инсан катары урматташат. Кээ бирлери болсо – аны атеисттик көз карашы үчүн жактыра беришпейт. Жакында ал өзүнө жаңы бир “аркадаш” – дос тапты. Болгондо да, Абдурахман Дилипак мырзаны - мусулман диниятчысы катары кеңири белгилүү инсанды шерик кылып, чогуу китеп жазды.
Экөө жакында жарыялаган китеп эки башка аталышка ээ. Анын мукабасынын алдыңкы бетинде “Кызыл жана жашыл” деген аталыш жазылган. Мукабанын арткы бетинде китептин аты “Жашыл жана кызыл” деп берилген. Бирок мында эч кандай чаташуу жок. Тек, бирдей коюлган олуттуу суроолорго авторлордун ар бири өзүнчө жооп берип, бир китептин алкагында эле бири-биринен өз алдынча ой жүгүртүүгө жетишкен.
Китептин экинчи бөлүгү тескери жагынан башталгандыктан, ар кимдин жазган бөлүмү китептин алгачкы бөлүмү катары кабыл алынат. “Кызыл” сөзү кудайсыз Йурдатапандын көз карашын чагылдырса, “жашыл сөзү” такыба диниятчы Дилипактын бейнесин туюнтат. Бул идеяны алгач сунуш кылган Йурдатапан француз ойчулу Волтэрдин: “Сиздин айтып жаткан кебиңизди мен жактырбайм, бирок сиздин бул сөздү айтууга болгон укугуңузду өлөөр-өлгөнчө коргоймун”, - деген ылакапка айланган сөзүн жанындай көрөт.

Абдурахман Дилипак мырза болсо Шанар Йурдатапанды динге карата туткан көз карашы үчүн өтө аяйт. “Мен тиги дүйнөдөгү анын өткөрчү өмүрү үчүн кооптоном. Бирок тозоктун жети катмары бар эмеспи, ал анын эң төмөнкү катмарына чейин түшүрүлбөйт ко деп үмүттөнөм”, - дейт Дилипак.

Йурдатапан болсо тозок тууралуу ойлор менен өз башын оорутуп отургусу келбеген киши. Бирк ал – эч тыным албаган саясатчы жана укук коргоочу катары да белгилүү. 1960-жылдардын ортосунда ал Түркиянын социалисттик маанайдагы партиясынын катарында социалдык адилеттик үчүн күрөш жүргүздү. 1980-жылы аскердик жетекчилик төңкөрүш жасаганда, ал ошол кездеги жубайы, ырчы Мелике Демираг менен Германияга бозгунчулукка кетти. Түркия өкмөтү анын атуулдук макамын алып салды. 1991-жылы гана мунапыс мыйзамына ылайык, ал өз эл-жерине атуул катары кайтууга укук алды. 1995-жылы өкмөт жазуучу Йашар Кемалдын өлкөдөгү күрттөр жашаган аймактагы согуш аракеттерине каршы жазган макаласын айыптап, аны камакка алмакчы болгондо, 1080 түрк интеллектуалы, анын ичинде атеист акын Йурдатапан, жазуучу Йашар Кемалдын чуулгандуу макаласы кайра басылган китепке автор катары өз ысымдарын жазышты. Түрк бийлиги миңден ашуун зыялыны камакка ала алмак эмес, ошондуктан өз мыйзамын жумшартууга аргасыз болду.
1999-жылы Шанар Йурдатапан эки айга абакка да жатып чыкты. Укук коргоочу жана акын ого бетер чыйралып, коомдук ишмердүүлүгүн бөксөрткөн жок. Деги, мындай кишилер Түркияда азбы, же көппү? Исламчыл маанайы менен айырмалангандар келген азыркы өкмөт атеисттерге карата катаал мамиле жасашы мүмкүнбү?
Бул суроомо маектешибиз Мурат Адем Йылмам мындайча жооп кайырат:

- Түркияда атеисттер ар дайым болуп келген, боло да бермекчи. Түркиядагы секулярдык мамлекеттик түзүлүштө ар кандай диний топко же ар кандай динсиздер тобуна кысым жасалышы мүмкүн эмес. Анткени Түркиянын Баш мыйзамында – дин жок. Башкаяа айтканда, Түркия жумурияты – динсиз мамлекет деп жарыяланган. Түркияда – кишилердин дини бар, бирок мамлекеттин дини жок.

Чынында да, Назым Хикмет, Азиз Несин сыяктуу нечендеген чыгаандар чыккан түрк калкынын уучу дагы эле кур эместиги Йурдатапандын ишмердүүлүгүнөн эле көрүнөт. Баарынан кызыгы, бул кудайсыз киши 90-жылдардын башында өлкөдөгү исламчылардын динге ишенүү жана өз оюн билдирүү укугу үчүн күрөш жүргүзүп келди. Анын автордошу, диниятчы Дилипак болсо кудайдан жөө качкан бул жакшы киши менен аркы дүйнөдө да жылуу маанай менен дидарлашууга даяр.

Тектеш

XS
SM
MD
LG