Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

ТҮРКИЯ-КЫТАЙ: КЫЗМАТТАШТЫККА КИМИСИ КӨБҮРӨӨК КЫЗЫКДАР?


Улан Алымкул уулу, Прага 14-январдан бери Түркиянын бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясынын лидери Режеп Эрдоган баштаган делегациясы төрт күндүк иш сапары менен Кытайда жүрөт.Пекиндеги сүйлөшүүлөрдүн борбордук маселеси-эки өлкөнүн соода алакалары.Түркия тарап өз ара соодада тең салмактуулукка жетүүнү көздөөдө.Ал эми Режеп Эрдоганды Пекинге келип кетүүгө чакырган Кытай бийликтери Түркиянын байыстуу исламчыл партия башкарган жаңы өкмөтү тышкы саясатта эмнеге артыкчылык берээрин анын визити учурунда жакындан биле алат.

Кытай менен Түркия дипломатиялык мамилени 1971-жылы орноткон. Бирок акыркы отуз жылдан ашуун убакыттан бери эки өлкөнүн алакасына көлөкө түшүргөн маселелер жок эмес. Кытай бийликтери Түркия мусулман өлкөсү катары Шинжаңдагы уйгур жикчилерине колдоо көргөзүп жүрөт деп шектенет. Пекиндин талабы менен Анкара үч жыл мурда коопсуздук тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара келишим түзүүгө макул болгон. Ал документке ылайык, тараптардын бири экинчи өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө доо кетирген аракеттерге каршы чара көрүүгө милдеткер.Анткен менен аталган келишим деле Кытайдын шек саноосун токтоткон жок. Түркиянын бийликтеги "Адилеттүлүк жана Өнүгүү партиясынын” лидери, келечекте өкмөт башчылыгына келээри күтүлүп жаткан Режеп Эрдоган Кытайдагы иш сапары учурунда Пекиндин камтамачылыгын канчалык деңгээлде басаңдата алаарын айтуу кыйын. Стабулдагы Коч университетинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун башчысы Тимур Кожаоглунун пикиринде, уйгур маселеси дагы көптөгөн жылдар бою Түркия-Кытай алакаларына көлөкө түшүрүшү мүмкүн жана Эрдогандын визитинен кийин деле эки өлкөнүн мамилесинде олуттуу бурулуш күтүлбөйт:

- Мен Эрдогандын Кытайдагы визити эки өлкөнүн мамилесине ири жетишкендик алып келет деп ойлобойм. Менин болжолумда, түрк лидерлери Кытайда болгон учурунда Пекин менен алаканы оңдоо ишине көп көңүл бурат. Себеби, эки өлкөнүн ортосунда проблемалар, өзгөчө Шинжаңдагы түрк калкынын маселесине байланышкан проблема бар.

Бир катар аналитиктердин пикиринде, Режеп Эрдоганды Пекинге келип кетүүгө чакырган кытай бийликтери Түркиянын байыстуу исламчыл партия башкарган азыркы өкмөтүнүн Шинжаңдагы уйгурлардын жикчилик кыймылына карата мамилеси кандай экенин жакындан билүүгө кызыкдар. Уйгур маселеси боюнча Түркияга дооматы көп Кытай – Анкара өз милдеттемелерин аткарбай коёбу деп кооптонот. Түркия жана Кытай боюнча адис Мехмед Огутчу:

- Бул багытта айтылып жүргөн тынчыздануулар жеке эле Шинжаңга эмес , Борбор Азияга да тийиштүү. Биз Эрдогандын Борбор Азияда өткөргөн сүйлөшүүлөрү жөнүндө басма сөз аркылуу алган алгачкы маалыматтарга караганда , бул өкмөт диний кыймылдардын бирине да көмөк көрсөтүүгө ниеттенбейт.Алар дегеле диний маселелерге көп көңүл бурулушун каалабайт. Менимче бул узагыраак убакыттын ичинде байкалат . Албетте , Кытайдын көз карашынан алганда , алар Эрдоган мырзанын партиясы чөлкөмдүн фундаменталисттик күчтөрүн басаңдатууда кандай роль ойноорун билүүгө аракеттенет.

Эксперттер белгилегендей, Пекиндеги сүйлөшүүлөрдө Ирак маселеси да талкууланды. Кытайдын мамлекеттик "Синхуа" жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, Режеп Эрдоган кытай премьер-министри Чжу Жунци менен жолуккан учурунда эки тарапатын көз карашы бир чыккан. Пекин да, Анкара да Багдадга каршы ыктымал согушту болтурбоо керек, Ирак кризиси Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында чечилиши абзел деп эсептейт.
Ал эми экономикага келсек, эксперттердин пикиринде Кытай менен кызматташтыкты чыңдоого Түркия көбүрөөк кызыкдар. Анкара соода алакасында тең салмактуулукка жетип, Кытайга экспортун көбөйтүүнү каалайт. Мындай муктаждыкты Түркиянын өзүнүн ички экономикалык проблемалары да шартоодо. Режеп Эрдоган баштаган "Адилеттүлүк жана Өнүгүү" партиясы бийликке дал ушул экономикалык проблемалардын аркасы менен келгени белгилүү. Маалыматтарга караганда, азырынча эки тараптуу соода Кытайдын пайдасына иштөөдө.
Алсак , мындан үч жыл мурун Кытай Түркияга жылына 2 миллиард долларга товар экспорттосо , Түркиянын Кытайга экспорту 48 миллион долларды түзгөн. Буга байланыштуу Түркия жана Кытай боюнча эксперт Мехмед Огутчу мындай дейт:

- Экономикалык чөйрөдө Түркия тарапка тең салмаксыздыкты оңдоо өтө оор. Бирок, менимче, алар айрым конкреттүү сунуштарды бериши керек. Азыркы учурда соодада эле эме , инвестициялык чөйрөдө да тең салмаксыздык сезилүүдө. 2005-жылы Дүйнөлүк Соода Уюмунун либералашдаштырууну караган келишими күчүнө кирген соң, Кытай менен Түркиянын ортосунда кездеме чыгаруу жагынан катуу атаандаштык башталышы мүмкүн. Андыктан, эки тарап сүйлөшө турган нерселер арбын.

Анын пикиринде , Түркиянын АКШ менен өнөктөштүгүн, Европа Биримдиги менен жакын мамилесин эске алганда, ал Кытай үчүн табигый өнөктөш эмес. Бирок, буга карабай Түркия келечекте Кытай менен алакасын оңдоо аракеттеринен баш тартпаганы ылайык. Кытай менен өнөктөштүк Түркияга экономикалык жактан пайдалуу.
XS
SM
MD
LG